Бүгүн — шайлоо алдындагы жымжырттык күнү. Эртең Президенттикке шайлоо жана референдум өтөт

  • 3 года мурун

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча» мыйзамга ылайык, шайлоонун добуш берүү күнүнө 24 саат калганда жымжырттык күнү болот. Башкача айтканда бүгүн, 9-январда, эртең мененки саат 8 ден баштап 24 саатка созулат.

Талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар тарабынан мыйзам талаптары бузулган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкерлер, шайлоо процессинин каалаган катышуучулары укук коргоо органдарына, мыйзамсыз үгүт иштерин токтотуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүнсотко кайрылууга укуктуу.

Укук коргоо органдары мыйзамсыз үгүт иштерин токтотуу боюнча чара көрүүгө жана фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына маалымат берүүгө милдеттүү.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/submit/ URL дарегинде ар бир колдонуучу электрондук кайрылуу жөнөтүп, арызды онлайн режиминде жол-жобосун көзөмөлдөп турарын эскертет.

БШКнын расмий сайтында «Даттануу жана мыйзам бузуулардын реестри» бөлүмү бар, анда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин билдирүүлөрү жана даттануулары онлайн режиминде жарыяланат.

Эртең, 2021-жылдын 10-январында Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты