​Дебаттан кийин коомдун сынына калган коомдук канал

Кечээ, 6-январда, Коомдук телерадиокорпорациясында Президенттике талапкерлердин дебатынын экинчи туру түз эфирде болуп өттү. Бул дебаттардын жүрүшү коомчулукта кескин нааразычылыкты туудурду. Айрыкча социалдык тармактардын колдонуучулары өз сын-пикирлерин билдиришүүдө.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Коомдук телерадикорпорациясын КТРКны чыныгы коомдук телеканал боло албагандыгын белгилешүүдө:

Айрымдар дебаттардын алып баруучулардын кесипкөйлүгүнөн күмөн санашууда. Айрыкча, алып баруучулардын суроолору жана жүрүм-туруму нааразычылык жараткан:

Кээ бир колдонуучулар “алып баруучулар алдоодо” дешүүдө:

Айрым колдонуучулар КТРК бейтараптуулукту сактабай жатканын баса белгилешүүдө. Юрист Сания Токтогазиева өзүнүн Фейсбук баракчасында коомдук телеканалдын модераторлору бир тарапка үгүттөп жатканда таза референдум болбосун белгилеген:

Мындан сырткары, кечээки дебатка катышкан Президенттике талапкерлер КТРКны “бийликтин суроолорун берип жатасыңар” деп айыпташты.

Адахан Мадумаров алып баруучуларды “бир адамдын кызыкчылыгын коргоого мажбурлап жатышат” деп билдирген.

Аймен Касенов алып баруучулардын суроолорун “субъективдүү” деп атаган.

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев нааразычылыгын билдирип, “бийлик тараптан даярдалган суроолорду окуп жатасыңар” деди.

Кечээки дебаттын алып баруучулардын бири Амантур Шергазиев биздин редакцияга комментарий берүүдөн баш тартты. КТРКнын директору менен да, коомдук кабылдамасы менен да байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Эскерте кетсек, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо Референдум 2021-жылдын 10-январына бекитилген. Президенттин орунуна 17-талапкер ат салышууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты