Жаңыл Абдылдабек кызы дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

  • 3 года мурун

Шабдан баатырдын урпагы Жаңыл Абдылдабек кызы 6-январда мезгилсиз дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Жаңыл Абдылдабек кызы 1947-жылы Кемин районунда туулган 1969-жылы политехникалык институтту аяктаган. Кыргыз кыздарынын арасындагы биринчи маалыматтык технология боюнча адиси болгон. Ал Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы үй-бүлө жана аялдар мамлекеттик комиссиясын жетектеген.

Атасы Тайгүрөңов Абдылдабек Шабдан баатырдын небереси болгон. Көзү өтөрүндө чоң атасы Шабдан баатырдын архивин кызына тапшырып кеткен. Жаңыл Абдылдабек кызы кыргыз тарыхынын Жантай хан жана Шабдан баатыр, Атаке бий тууралуу маалыматтарын изилдөөгө жана байытууга зор салым кошкон.

Жаңыл Абдылдабек кызын акыркы сапарга узатуу 8-январда Новопокровка айылында, Алма-Ата көчөсү, 164 дарегинде өтөрүн кабарлашты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты