Садыр Жапаров Президенттикке талапкерлердин КТРКдагы дебатына дагы келген жок

  • 3 года мурун

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бүгүн, 6-январда, КТРКдагы дебатка дагы катышкан жок. Алып баруучулар Садыр Жапаровдун аймактарда шайлоочулар менен жолугуп жүргөндүктөн, катыша албай тургандыгына байланыштуу кат жибергенин билдиришти.

Бүгүнкү дебатка Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров, Аймен Касенов катышып жатат. Ал эми дебатка чакырылган Садыр Жапаров жогоруда айтылган себептерден улам катышкан жок.

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Курсан Асанов Садыр Жапаровдун дебатка катыша албай тургандыгын тастыктаган катынын көчүрмөсүн көрсөтүүнү өтүндү. Каттын көчүрмөсү талапкерлерге тапшырылды.

Бүгүн, 6-январда, Садыр Жапаров Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушуусунда КТРКдагы теледебат тууралуу мындай деп айткан:

«Теледебат эмес эле ушак-дебат, андыктан мени катыш деп кыйнабагыла! Атаандаштарымдын бир эле «Жапаровду жамандоо» программасы бар экен» деген Жапаров.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага эми 17 талапкер ат салышууда.

Башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Сүрөт: Бүгүнкү теледебаттан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты