​УКМК «Эркин Тоо» ишин кайрадан териштирип жатат

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ) Коррупцияга каршы күрөш кызматы «Эркин Тоо» гезиткитеп полиграфиялык ишканасын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүүдө.

Ал тууралуу мурда чечим чыгарган кызмат адамдарына карата сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат.

Бул жөнүндө 6-январда УКМК басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кабарлады:

«Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин ошол тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланган жана чечимди мыйзамсыз чыгарган».

УКМК белгилегендей, Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат 2002-жылдын 20-августунда өкмөттүн токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген. «Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты өкмөт бере алат. Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен келишип алып, ал жерге кабат үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарып алышкан деп шек саналууда.

«Эркин Тоо» басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратура иш козгой баштаганы 2016-жылы маалым болгон жана Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин аты аталган. Депутат өзү кылмыш иштерин жандантууга негиз жок деп билдирип: «Мага күнөө койгудай эч негиз жок. Бул факт боюнча эки жолу иш болгон. Анда мен күнөөкөр эмес, күбө катары да чакырылган эмесмин» деп айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты