Шайлоочулардын тизмеси шайлоо тилкелеринде илинди

  • 3 года мурун

Кыргызстан аймагы боюнча 2-январдан тартып шайлоочулардын акыркы тизмеси бардык аймактарда илинди. Шайлоочулардын тизмеси tizme.gov. kg сайтында да илинип турат

Бул тууралуу БШК маайлымат кызматы билдирди.

Калктын бирдиктүү реестриндеги тизме боюнча шайлоочулар тизмесине 3 563 574 киши киргизилген.

Шайлоочулардын көбү Ош облусунда, анда бардык шайлоочулардын 20%ы камтылган. Андан кийин Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында. Шайлоочулардын саны аз аймак болуп Ош шаары жана Талас облусу, анда бардык шайлоочулардын 4%га жетпейт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага эми 17 талапкер ат салышууда.

Башкаруу формасын анытоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты