Улан Үсөйүн: “Эл менен эсептешкенди сиз биринчи үйрөнсөңүз жакшы болот эле, Садыр мырза!” (Видео)

«Баштан-башта” кыймылынын жетекчиси, “Мыйзамдуулук үчүн” жана “Референдумга каршы” жүрүшүн уюштуруучулардын бири Улан Үсөйүн Президенттикке талапкер Садыр Жапаровго жооп берди. Президенттикке талапкер Жапаров Мыйзамдуулук үчүн! жана “Референдумга каршыжүрүшүнүн катышуучуларына «Instagram» баракчасы аркылуу сын-пикирин билдирген.

Улан Үсөйүн мындай деди:

-Биринчиден, 30 жылдан бери элдин ырыскысын жегендер билинип калды деген өңүттө жазган экенсиз. Урматтуу, Садыр мырза, ал маршка келгендердин 90%ы – жаштар, 30 жашка чыга электер. Арасында уюштуруучу катары жүргөн мен, ушул айда 27 жашка толом. Демек, биз 30 жылды толук жашай элекпиз.

Экинчиси- “бул маршка келген жаштар эмнеге келгенин билишпейт, референдумга эмнеге каршысың деп сурасаң оңтойлуу жооп бере алышпайт деген ойду калтырган экенсиз. Бул биринчи эмес, мурунку дагы түз эфириңизде айттыңыз эле.

Садыр мырза, менде сунуш бар, — сиз чынында эле Кыргызстандын жаштарын билимсиз, акылсыз деп ойлой турган болсоңуз, анда келиңиз, түз эфирде сизэкөөбүз суроолорго жооп берели. Ким эмнени билет экенин, аныктайлы. . Суроолорду түз эфир алдында эл таразалап, эл талдасын.

Үчүнчүдөн, мындан ары эл менен эсептешкенди үйрөнүшүбүз керек дептирсиз. Туптуура ой. Муну сиз биринчи үйрөнсөңүз абдан жакшы болот. Себеп дегенде ошол маршка келген, өз пикирин билдирген адамдардын бардыгы бул эл, Кыргызстандын жарандары. Ошон үчүн ар бири менен эсептешкени үйрөнгөнүңүз жакшы болот.

Төртүнчүдөн, үйрөнгүсү келбегендерди үйрөтөбүз деген таризде ой калтырган экенсиз. Урматтуу, Садыр мырза, бул коркутуу. Чыныгы лидер болом деген, чыныгы эл башкарам деген адам өзүнүн элин, өзүнүн жаранын коркутуп, аны каралап жамандабай, ынтымакка, биримдикке чакырып, бир багытка баштаган адам болуш керек. Буга сиздин бөлүп-жарууга , каралооого бир нече постторуңуз күбө.

Бешинчиси, элдин эсебинен жеп жаткан токочторунан айрылып калуудан коркуп жатышат деп ой калтырган экенсиз.

Урматтуу , Садыр мырза, жана башта белгилегендей, биз эч кызматка барбаган, өзүбүздүн арабабызды тарткан , өзүбүздүн билимибиз, акылыбыз, дүйнө таанымыбыз менен жашообузду куруп келе жаткан жаштарбыз.

Бул жаштар бир да кызматка отурган эмес. Демек, биз мамлекеттин ырыскысын жеп, байлыгын тоноп жаткандардын бири эмеспиз. Алар- сиздин айлана -чөйрөңүздөгү кошоматчы адамдар. Аны мен эле эмес, жалпы эл билет, -деди Улан Үсөйүн.

5-январда Президенттикке талапкер Садыр Жапаров “Мыйзамдуулук үчүн!” жана “Референдумга каршы” жүрүшүнүн катышуучуларына «Instagram» баракчасы аркылуу мындай деген:

— Отуз жылдан бери, элдин ырыскысын каалаганындай мойсоп жүргөндөр, эл менен эсептешкенди таптакыр унутуп калгандыгын өздөрү эле далилдеп беришпедиби. Ага күбө, “Референдумга каршыбыз” деп митингтерди уюштуруп да жатышат .

Референдумга эмне үчүн каршы болуп жаткандарына, жада калса өздөрү жооп бере алышпайт. Жүйөлүү бир жооптору жок. Референдумда элдин пикири билинет да, президенттик башкаруу болсун же парламенттик башкаруу болсун деген. Элдин пикирин сурап билип алуунун эмнеси жаман? Биринчи кезекте бир ууч топтун эмес, калктын, жалпы элдин пикирин билип алып анан баш мыйзамды кабыл алалы да. Мындан ары эл менен эсептешкенди үйрөнөлү. Үйрөнгүлөрү келбей тескери сүйлөгөндөрдү, үйрөтөбүз. Көрсө, отуз жыл бою элдин ырыскысына кол салып, баш мыйзамды каалагандай калчап жүрүп, булар таптакыр көнүп бүтүшкөн турбайбы…

Эми, элдин эсебинен жеген токочуңардан айрылып жатканыңарга, ичиңер туз куйгандай ачышып, акыркы күчүңөрдү элди чабыштыруу максатында уюштурулган митингтерге жумшап жатасыңарбы? Элдин көзү эбак ачылган, эл да түшүнүп турат, көмүскө максатыңарды. Канчалык аракет кылбагыла, баардык аракеттериңерден эч бир майнап чыкпайт!, -деген Жапаров.

Буга чейин «Мыйзамдуулук үчүн» жана «Референдумга каршы» жүрүшү байма-бай өтүп келген. Акциянын катышуучулар өлкөдө мыйзамдуулук болушун талап кылып келишти.

Каршылык акциясынын жүрүшү бул шилтемеде:

«Референдумга жол жок!»

«Мыйзамдуулук үчүн!» тынч акциясы.

“Референдумга жол жок!” аттуу жөө жүрүш

«Ханституцияга» жана референдумга каршы акция.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага эми 17 талапкер ат салышууда.

«КыргызРеспубликасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу» мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Сүрөттө: Улан Үсөйүн. Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты