​Өзбекстанда насвай сатууга тыюу салуу сунушталууда

  • 3 года мурун

Өзбекстандын алкоголь менен тамеки рыногун жөнгө салуу жана шарап өндүрүшүн өнүктүрүү агенттиги өкмөткө насвайга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кеңири тараган насвай калктын ден соолугуна жана экономикага олуттуу зыян келтирүүдө деп эсептейт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстанда 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында насвай тартуу деңгээли өтө жогору – 6 пайыз. Бул көрсөткүч Кыргызстанда – 5,1 пайыз, Тажикстанда – 1,8 пайыз, Казакстанда – 0,6 пайыз, Түркмөнстанда – 0,2 пайызды түзөт.

Насвайды негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жашоочулары тартат. Кишилер аны үй шартында өндүрүшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты