Аксы райондук ИИБ башчысы кызматтан бошотулду

  • 3 года мурун

Бүгүн, 4-январда, ички иштер министрлигинин буйругу менен Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шекербек Таңгиров кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ал маалыматта Шекербек Таңгиров Аксыда болуп өткөн нааразылыктан кийин кызматтан алынганы айтылды.

ИИМдин билдирүүсүндө, өткөн жылы 7-октябрдагы жапырт башаламандык жана анда киши өлүмүнө алып келген окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында камакка алынган Аксы районунун тургуну Жылдыз Шадыбековду бошотуу талабы менен 300гө жакын киши 2-январда Жалал-Абад шаарында митингге чыккандыгы белгиленген. Акция 4-январда Аксыда уланып, нааразы тарап жол тоскон. Талаптары аткарылбаса, эртең дагы жол тосо турганын билдиришкен.

Митингге чыккандар Шадыбыковдун бөгөт чарасын сыртка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде өзгөртүп берүүнү, сотко чейинки өндүрүштү калыс иликтөө жана Аксы райондук акимчилик башчысы Э. Ормоналиев менен Аксы РИИБ башчысы Ш. Таңгировду кызматынан бошотууну жана жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Бул иш УКМКнын көзөмөлүнө алынган.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты