Өкмөт чечимине ылайык, ​8-январь эс алуу күнү болот

  • 3 года мурун

2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү 2021-жылдын 8-январдагы жумушчу күнүнө которулат.

Дем алыш күнүн которуу тууралуу тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койгон.

Чечимге ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулат.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнүн – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которуу сунушталат.

Буга чейин 4,5, 6-январь иш күнү. 7-январь – майрам,8-январь – кайрадан иш күнү деп белгиленген. Жаңы чечим боюнча 8-январь да эс алуу күнү болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты