​БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жана чет жактардагы участокторго жиберди

  • 3 года мурун

2021-жылдын 2-январында “Учкун” имаратында Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жана референдум өткөрүү үчүн даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтык, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлду.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө — 3567138 бюллетень даярдалды. Андан сырткары, 4948 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалды.

Референдумун өткөрүүгө — 3567138 бюллетен даярдалды. Андан тышкары, 4948 бюллетен Брайл шрифти менен даярдалды.

Жалпысынан Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумун өткөрүүгө 7 134 276 бюллетен даярдалды.

Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин ар бирин Автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) анык таанышы үчүн атайын коргоочу боёк менен сырдалып жогорку деңгээлде корголгон.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо бюллетен түссүз, референдум өткөрүү үчүн бюллетень көгүш түстө даярдалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендерди акты менен өткөрүп берет.

Бюллетендерди өткөрүп берүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул”, “каршы” менен “бардык түрүнө каршы” топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендери баардык коопсуздук чаралары каралган атайын байланыштагы транспорт

Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.

Мөөнөтүнөн мурда президенттин шайлоо Башкаруу формасын анытоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты