​Германия ЕБди коронавируска каршы дагы бир вакцинаны жактырууга чакырды

  • 3 года мурун

Германиянын расмий бийлик өкүлдөрү Европа биримдигин (ЕБ) Оксфорд университети менен бирге иштелип чыккан AstraZeneca компаниясынын вакцинасын жактырууга чакырышты.

Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Спан биримдикти AstraZeneca компаниясынын жаңы вакцинасын «тез арада изилдөөгө» чакырып, «эмдөө — пандемиядан чыгуунун негизги жолу экенин» белгиледи.

Ал январдын башында америкалык Moderna компаниясынын вакцинасы да жактырылышы мүмкүн экенин билдирип, өлкө 31-декабрга карата Pfizer жана BioNTech вакциналарынын 1,3 миллион дозасын аларын кошумчалады.

Ал ортодо коронавирустун Британияда табылган жаңы штаммы АКШда, Индияда жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө да аныкталды. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө боюнча кеминде 20 өлкө өз аймактарында вирустун мутацияланган жаңы түрү табылганын билдиришти

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты