​УКМК: Аскердик бөлүктө терракт жасоого аракеттенген киши кармалды

  • 3 года мурун

2020-жылдын 31-декабрында КР УКМК коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен бирге жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасында Кыргызстандын аймагында террордук актынын болушунун алдын алынды.

Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси («Терроризм актысы») боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндөрүштүн алкагында Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын жараны 1998-жылы туулган Ж.С. аныкталып кармалды.

Кармалган киши эл аралык уюмдун (ЭТУ) мүчөсү болгон жана башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде теракт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат жасамак болгон.

Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылып алынды.

Кармалган киши КР УКМК башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты