​Жаңы жылдык майрам: Кайда баруу керек?

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мэриясы кичинекей бишкектиктер үчүн жаңы жылдык эс алуу жана каникулга карата программа даярдады.

4-январда түшкү саат 12де «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында балдарга «Ден-соолукта болуу модада» тренинги өтөт.

5-январда саат 12: 00дө «Диалог» маданият үйүнүн кичи залында №2 Балдар искусство мектебинин эстрада аткаруучулары жана вокалисттеринин катышуусунда «Жылдыздар менен ырда» аттуу концерт болот.

Ошол эле күнү “Жаштык” борборунда “Жаңы жыл планетада басып жүрөт” аттуу интеллектуалдык викторина өтөт.

6-январда саат 12: 00дө “Диалог” маданият үйүнүн кичи залында No2 Балдар искусство мектебинин балаты майрамдык кайрымдуулук концерти;

8-январь күнү саат 12: 00дө “Диалог” маданият сарайынын чоң, кичи залдарында балдар жана жаштар үчүн мастер-класстар: «Кыргыз Республикасынын Эл артисти Любомудрова Л. менен сөз маданияты», «Комуз жана гитарада ойноо», «Лего ойноо», «Сиз кыялданган Инстаграмга 5 кадам.»

9-январда саат 12: 00дө «Диалог» эс алуу борборунун кичи залында жаңы жылдык мультфильмдердин негизинде квест болот. Ал эми «Жаштык» борборунда «Жаңы жылдык ниндзя» тоскоолдуктар курсу уюштурулат.

10-январда саат 9: 00дө «Диалог» эс алуу борборунун кичи залында «Жаңы жылдык балатынын алдындагы бала бакча» аттуу жаштардын чакырыгы болот.

11-январда «Жаштык» борборунда «Чогуу ырдайбыз» аттуу караоке сынагы өтөт.

12-январда саат 15: 00дө “Диалог” маданият сарайынын кичи залында сүрөт тартуу, видео тартуу жана сайма саюу боюнча мастер-класстар өтөт.

13-январда «Жаштык» борборунда «Спорттук үй бүлө» аттуу иш-чара өтөт.

Ошондой эле, 3-январдан 15-январга чейин “Диалог” маданият сарайында кыш мезгилине арналган ырлар жана прозалардын онлайн сынагы уюштурулат.

Бишкек шаарлык мэриясынын маданият бөлүмүнүн мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясы шаардын активисттери менен бирге 2021-жылдын 4-январынан 6-январына чейин өтүүчү балдар үчүн “Мемориалдык музейлерге саякат” аттуу жаңы жылдык фестиваль уюштурган. Кеңири маалымат: https://www.meria.kg/ru/post/21294

5- жана 12-январда Биринчи Май жана Ленин райондорунун карылар үйүндө биздин чоң апаларыбызга жана чоң аталарыбызга арналган “Достук үнү” этно-фольклордук ансамблинин концерттери болот.

Эскертүү: Санитардык эрежелерди унутпаңыз, беткап кийип, колуңузду антисептик менен сүртүп, аралыкты сактаңыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты