Башкы прокуратура «Манас» аэропортундагы коррупция схемасын аныктады

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура транспорт прокуратурасы менен кошо эл аралык аэропорттогу «Манас менежмент компани» ишканасынын жетекчилиги тарабынан чет өлкөлүк компанияга мыйзамсыз жеңилдик берип келгенин аныктады.

Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта жазылгандай, «Манас менежмент компани» ишканасы менен чет өлкөлүк «Г.Э» компаниясынын ортосунда «Эл аралык каттамдарда жүк ташуу үчүн кызмат көрсөтүү жөнүндө» түзүлгөн келишим менен эл аралык каттамдарда учкан жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн ташууда жеңилдетилген тариф белгиленген. Ага ылайык, чет өлкөлүк компания бир тонна жүк үчүн 60 доллар төлөп келген. Ошол эле учурда ушундай эле тейлөө кызматын көрсөткөн башка компаниялар үчүн 1 тонна жүккө 95 евро тариф каралган.

«Натыйжада, 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта мыйзамсыз келишимдин кесепетинен улам, «Манас» аэропорту 1 789 726, 68 доллар же 139 598 681 сом өлчөмүндө кирешеге ээ болгон эмес», деп жазылган маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Манас» эл аралык аэропортунун жана «Манас менежмент компани» ишканасынын жооптуу кызматкерлеринин аракеттеринде Жазык кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүндө («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар болгону үчүн бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Башкы прокуратура азырынча жемкорлук схемасы боюнча шек саналып жаткан жооптуу кызматкерлердин аттарын ачыкка чыгара элек.

«Манас» эл аралык аэропортундагы тендер боюнча мыйзамсыз иштердин бети ачылганы Башкы прокуратура буга чейин кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты