​Башкы прокуратурага Жээнбековдорго каршы арыз түштү

  • 3 года мурун

Башкы прокуратурага экс-президент Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы арыз түштү.

Бул тууралуу 30-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Арызды Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдилат Капаров жазган.

Капаров ушундай эле арыз менен президентке жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке да кайрылганын маалымдады.

Ал Жээнбековдорго карата кылдат териштирүү жүргүзүүнү, аларды өлкөдөн чыгарбоону жана мүлкүн камакка коюуну, мурдагы мамлекет башчыны экс-президент деген макамдан, атайын пенсиядан ажыратууну суранды.

Өзүн Жээнбековдордун тушунда саясий себеп менен негизсиз репрессияга кабылганын айткан Капаров Сооронбай Жээнбековду 2020-жылдын октябрь, 2010-жылдын май-июнь окуялары, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду калкалаганы жана коронавирус эпидемиясы учурундагы абал үчүн айыптады. Ал эми Асылбек Жээнбековду Бишкектин Жылуулук электр борборун реконструкциялоо боюнча келишимге байланыштуу күнөөлөдү.

Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук милициясын жетектеген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков Оштун губернатору болуп турган. Кийин ал «июнь окуяларында Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор 3 миллион доллар уурдашкан» деп айтып чыккан. Бул билдирүүнү курулай доомат деп эсептеген Сооронбай Жээнбеков анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтып, Капаровду сотко берген. Капаров беш жылга созулган соттошуудан кийин 2017-жылы камалып, Ош облустук сотунун чечими менен төрт жылга соттолгон жана быйыл октябрь окуяларынан кийин түрмөдөн чыккан.

Эркиндикке чыккандан кийин Капаров Жогорку сотко облустук соттун чечимине каршы арызданган.

Жогорку сот Жээнбековдорду бул соттук жараянга чакыруу жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырып, кийинки отурумду 12-январга белгилеген.

Жээнбековдор бул боюнча өзүлөрү комментарий берише элек.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты