​Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык учурунда мыйзам бузуунун 27 учуру катталды

  • 3 года мурун

«Жалпы иш» коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочулары 2021-жылдын 10-январына дайындалган Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү ичинде 21-декабрдан 28-декабрга чейин мыйзам бузуунун 27 учурун каттады.

Табылган бузуулардын ичинде административдик ресурсту пайдаланган 15 далил, шайлоочуларды сатып алууда 7 далил жана коркутуу жана зомбулук көрсөтүү боюнча 5 учур катталды. 27 далилдин ичинен 12си мүмкүн болгон бузуулардын белгиленген далилдерин текшерүү үчүн ыкчам чара көрүүчү координациялык топко жиберилди.

Байкоочулар берген маалыматтарга ылайык, жиберилген алты учурдун төртөө

президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун пайдасына тиешелүү. Эки учур: Ош облусунун Карасуу районунун Дыйкан-Кыштак айылында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылында бийликтин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз үгүт ишин жүргүзүүдөн сырткары, жергиликтүү калкка Жапаровго добуш бергендиги үчүн сый акы беребиз деп убада кылышкан, мында жарандардан паспортторунун көчүрмөсүн талап кылышкан. Бул шайлоо мыйзамдарын олуттуу бузгандык болуп саналат.

Мүмкүн болуучу добуш сатып алуунун бир учуру президенттикке талапкер Курман Асановго тиешелүү: Ош облусунун Араван районунда финансылык уюмдун насыя берген эксперттери шайлоочулар арасында белгилүү талапкерге добуш беришсе, алар насыя алган компания үч айдын ичинде алардын насыялары үчүн үстөк пайызды жоёт деген маалыматты таратып жүрүшөт.

«Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары тарабынан административдик ресурсту пайдалануу учурлары талапкер Садыр Жапаровдун да пайдасына тиешелүү (5 тин ичинен 4ү) , ошону менен бирге социалдык түйүндү пайдалануу менен аткарылган далилдер жазылып алынды: Фейсбук колдонуучунун социалдык баракчасында С.Жапаров менен болгон жолугушуу тууралуу маалымат жарыяланган. Мында бул колдонуучу КР Финансы министрлигинин Кочкор райондук башкармалыгынын кызматкери болуп саналат. Бир учур талапкер Курсан Асановдун аракеттерине тиешелүү: Араван районунда мамлекет башчысынын кызмат ордуна талапкер үгүттөөчүлөр катары ИИБдин кызматкерлерин тарткан.

21-декабрдан 28-декабрга чейинки мөөнөттө коркутуунун беш учуру катталган. Ош облусунун Араван районунун ошол эле финансылык уюмунун филиалында анын башчысы тарабынан филиалдын кызматкерлерине талапкер Бабыржан Төлбаевге добуш берүү үчүн кысым жүргүзүлүп жатышы мүмкүн. Баш тарткан учурда кызматкерлерди иштен бошотобуз деп коркутуп жатышат.

«Жалпы иш» коомдук фондунун узак мөөнөттүү 58 байкоочусу Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында шайлоо алдындагы мөөнөткө мониторинг жүргүзүп жатышат, алар президенттикке талапкерлер жана алардын штабдары, шайлоочулар, участоктук комиссиялар менен жолугушууларды улантып, социалдык тарамдардан маалымат чогултуп жатышат, — деп билдирди «Жалпы иш» коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы Аида Сүйүндүева.

Шайлоо алдындагы мезгилге байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары отчетто чагылдырылат жана 2021-жылдын 5-январында жарыяланат. Бул отчеттун максаты – коомго шайлоо алдындагы мезгил жөнүндө объективдүү, өз маалындагы жана калыс маалымат берүү. Шайлоолорго мониторинг «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылуучу, «2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылат.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты