Кыргыз пенсиясын орус бюджети төлөөдө

Социалдык тармактарда Өкмөт бюджеттик акчаларды туура эмес пайдалангандыгына нааразы болушууда. Алардын айтымында, ноябрь айында 100 миң сомго чейинки насыялардын үч айлык үстөк пайызын төгүүгө жумшалган каражаттар пенсияларга жумшалса болмок деп, бул кадамды популизм деп баалашты.

Орусиянын Кыргыз Республикасынын элчилигинин сайтында Орусия Кыргызстанга 20 млн.АКШ долларын кайтарымсыз түрдө бере тургандыгы жөнүндө маалымат 25-декабрда жайгаштырылган. Орусиянын элчилиги маалымдагандай, бул каражаттар Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоого, айлык, пенсия жана аз камсыздандырылган үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү үчүн жумшалат. Келишим долбоору кыргыз тараптан жактырылып, жакын убакытта кол коюлары белгилүү.

Бул 20 млн. долларды улуттук валютага Улуттук банктын курсу менен которгондо 1 млрд. 634 млн. сом болот.

2020-жылдын 17-декабрында Социалдык фондунун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун отчетун берүүдө бюджеттин тартыштыгынан улам пенсия берүү кечигиши мүмкүн экендигин билдирген. Бул билдирүү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Бирок, 18-декабрда Социалдык фонд “Январь айында баардык милдеттенмелер толук аткарылат” деген билдирүү тараткан. Мындан сырткары, Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков өкмөт бардык социалдык милдеттенмелерди толук аткарарын билдирген.

Үстөк пайызга эмес, пенсияга жумшаса болмок

Премьер-министр Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусуна болгон иш сапарында 100 миң сомго чейинки насыялардын үч айлык үстөк пайызын өкмөт төгөөрүн убадалаган. Анын айтымында, ал максатка 1 млрд.200 млн. сом сарпталат.

Бирок, бул каражаттардын булагын Өкмөт башчысы билдирген эмес.

Биз бул маалыматты тактоо үчүн Каржы министрлигине жана Улуттук банкка кайрылганбыз.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул каражаттар бюджетке экономикалык мунапыстан келип түшкөн.

1 млрд. 200 млн. сом 600 миң адамдын насыясынын үч айлык үстөк пайызын төлөөгө жетерин Улуттук банк билдирген. Бул сумманы 100 миңге чейин насыя алгандардын санына (600 миң) жана үч айга бөлгөндө, ар бир насыя алгандарга 700 сом тиет.

Бул тууралуу макаланы төмөнү шилтеме аркылуу окуй аласыз:

“Жыртык бюджеттен 1 млрд. 200 млн сом алып, ар бирине 2000 сомдон беришет”

Эскерте кетсек, Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 172,9 млрд.сом деп көрсөтүүдө. Чыгаша бөлүгү 181,4 млрд сом түзсө, алардын ичинен 146,8 млрд. сом корголгон беренелер.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты