Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү кирешеси азайганын билдиришти

  • 3 года мурун

Кыргызстанда пандемия шартында үйбүлөлөрдүн 54% кирешеси азайганын билдиришти. Бул тууралуу COVID-19дун калкка тийгизген таасирин аныктоо боюнча Улуттук статистика комитети жүргүзгөн тандалма сурамжылоонун жыйынтыгында айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-октябрдан 15-ноябрга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоого дээрлик 5 миң үй-бүлө катышкан. Анын жыйынтыгына ылайык, үй-бүлөлөрдө эмгек ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер 37%, жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн азыктарды сатуудан түшкөн киреше 16% жана чет өлкөлөрдөн которулган каражат 16% азайган.

Мындан тышкары сурамжылоого катышкандардын 20% пандемиядан улам үй-бүлөнүн жок дегенде бир мүчөсү жумушун жоготконун билдиришкен. Дагы 5% чет өлкөдө жумушсуз калган жакыны кайтып келүүгө аргасыз болгонун айтышкан.

2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмү 8,1% төмөндөдү. Биринчи жарым жылдыкта калктын реалдуу кирешеси 7,7% азайган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты