​БШК шайлоого карата 311 эл аралык байкоочу каттады

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого карата 311 эл аралык байкоочу каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-декабрдагы жыйында бир катар уюмдун атынан 113 өкүлү президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөн.

Алар:

Индонезиянын шайлоо комиссиясынан эки, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин парламент аралык ассамблеясынан 18, Шанхай кызматташтык уюмунан 14, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынан тогуз, Ислам кызматташтык уюмунан үч, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынан тогуз, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынан 52, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен алты байкоочу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты