#ЫШКЕК: Экологиялык катастрофага жакындап калды

Баяндар

.

#ЫШКЕК: Экологиялык катастрофага жакындап калды
Убагында жашыл шаар болгон Бишкек бүгүнкү күндө абасы өтө булганган аймакка айланды. Акыркы жылдарда Бишкекте дем алуу уламдан-улам оорлошуп, респиратордук оорулар күн санап көбөйгөнүн экологдор айтышат.
Абанын булганычтыгы боюнча антирекорд жаратты
IQAir сервисинин изилдөөсү боюнча Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир деп эсептелген 50 өлкөнүн арасынан 6-орунду ээледи (25.12.2020).

Экологиялык абалы жана экосистемалардын жашоо ишмердүүлүгү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 105 орунду, ал эми абанын тазалыгы боюнча 238 орунда турат (EPI - 2020).

2020- жылы Бишкек World Air Quality аттуу дүйнөдөгү абанын кирденүүсүн өлчөгөн сервистин рейтингинде көбүнчө алдыңкы үч орунду ээлеп келет. PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн саны боюнча Бишкек шаары Дели жана Лахор сыяктуу шаарлардан озуп кеткен.

16- декабрда абанын индекси 329га жетип, эң кооптуу деп табылган. Тоолордон алыс, ЖЭБге жакын жайгашкан, көбүнчө менчик үйлөр орун алган шаардын түндүк-чыгыш тарабында абанын көбүрөөк булганганы байкалат.
"Movegreen" экологиялык уюму орноткон датчиктердин көрсөткүчү боюнча шаардагы абасы өтө кир аймак катары Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары жана Новопавловка айылы кирет.

iqair.com дүйнөлүк абанын мониторинг сайтынын картасында Бишкектеги абанын сапатынын индекси (AQI) 351 ди көрсөтүп турат. Абаны булгагыч катары PM2.5 заты көрсөтүлгөн. 2020-жылдын декабрь айынын ортосунда IQAir.com мониторинг сайты Бишкектеги абанын сапаты AQI 234 кө жетип "ден-соолукка кооптуу" деп табылганын, PM2.5 тин көрсөткүчү 184 мкг/ м³ деп катталганын жазат.

Ал эми дүйнөлүк waqi.info сервисинин картасында да абанын сапатынын индексинин Ош базар тарапта 445 ке, Аламедин кичирайонунда 433кө, шаардын борбор тарабында 453кө жеткенин көрүүгө болот.
Шаардын тургундары абанын кирдигине нааразы
Ак-Босого конушунун тургундары ыштын айынан үйүнөн чыга албай калгандыгын айтышат. Алардын айтымында беткаптарды коронавирус илдетинен коргонуу үчүн гана эмес, ыштан коргонуу үчүн тагынып калышканын билдиришти:
РМ2.5 деген эмне?
Бул - абаны булгоочу зат. PM2.5 биологиялык тоскоолдуктардан оңой өтүп, денеге чоң коркунуч туудурат. PM2.5 бөлүкчөлөрү кооптуулугу барган сайын билине баштады. 1990-2010-жылдар аралыгында PM2.5 бөлүкчөлөрү менен байланышкан себептерден улам 3,1 миллион адам каза болгон. PM2.5 бөлүкчөлөрү жашоо узактыгын орто эсеп менен 8,6 айга кыскартат. Жалпысынан жүрөк-кан тамыр ооруларына, дем алуу органдарынын өпкөнүн рагына алып келүүсү мүмкүн. Адамдар алар менен күн сайын дем алып турушат. PM2.5дин кичинекей дозаларына ууландыруучу реакция болбойт. Бирок алар организмде топтолуп, убакыттын өтүшү менен олуттуу көйгөйлөрдү жаратат.
Бул сандар эмнени көрсөтөт?
Эколог жарандардын төмөн социалдык жоопкерчилиги аба сапатынын төмөндөшүнүн себеби экенин айтты
"Move Green" уюмунун инженери, эколог Каныкей Кадырова шаардагы абанын сапатын төмөндөшүн "ПолитКлиника" медиасынын "Сереп" берүүсүндө айтып берген. Анын айтымында, жылытуу сезону башталганда абанын сапаты кескин төмөндөйт. Буга бир канча себеп бар: адамдардын төмөн социалдык жоопкерчилиги жана экономикалык абал. Интервьюну толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:
Абанын кирдигинен жылына 2млн.го жакын адам көз жумат
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргени боюнча, сырткы абанын булганышына байланыштуу инсульт, жүрөк оорулары, өпкө рагы жана дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларынан жылына болжол менен 4,2 миллион адам көз жумат. Дүйнөнүн калкынын 91% га жакыны аба сапатынын деңгээли Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун чегинен ашкан жерлерде жашайт. Абанын булганышы төмөнкү жана орто кирешелүү өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө байкалат. Тынч океандын батыш тарабындагы жана Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмдөрүндөгү өлкөлөр ири жоготууларга учураганын айтат.
Бишкекте орногон ыштын себептери
Америка университетинин айлана-чөйрө жана өнүктүрүү борбору 2018-жылы жүргүзгөн анализинде ыштын себептери аныкталган. Ал анализде Бишкек шаарындагы абанын кирдөөсүнө негизги үч себеп бар:

  • автоунаадан чыккан газдар

  • жылытуу үчүн жагылган заттар

  • чаң жана башка катуу заттар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жыл сайын 240 миң тонна кирдетүүчү заттар атмосферага чыгарылат. Алардын 180 миң тоннасы автотранспортко тиешелүү. Калганы болсо коомдук жана жеке сектордун жылуулук үчүн колдонгон каражаттардан чыккан кирдетүүчү заттар.
Бишкек шаарында, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жарым миллионго жакын авто унаа катталган. Анализге ылайык, миң тургунга 450 автоунаа келет. Бул көрсөткүчтөр Лондон жана Амстердам шаарларынын орточо коэффициентинен жогору.

Абанын булганышынын дагы бир чоң себеби бар - жылуулук жана энергия алуу үчүн жагуулар. Жылуулук жана энергия алууда Кыргызстанда эң көп жагылуучу каражат болуп көмүр саналат. 2018-жылы Кыргызстан 2,4 млн.тонна көмүр казып чыгарган, анын жарымынан көбү ички колдонууга жумшалган. Бишкек шаарынын ЖЭБи 2020-2021 жылуулук берүү жылында 1млн. 110 миң тонна көмүр жагарын пландаштырган. Салыштырмалуу түрдө айтканда, Бишкек ЖЭБи Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүрдүн жарымын жагат.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук жылытуу системасына кошулбаган жеке үйлөр абанын булганышына себепкер. Мындай пикир Борбордук Азиядагы Америка университетинини изилдөөсүндө айтылат. Ага ылайык, шаардын 40%ы катуу отун колдонушат. Ошондой эле, жеке үйлөрдү жылытууда эффективсиз жылытуу системаларын колдонулат. Мындай системаларда жылуулукту жоготуунун саны айрым учурларда 60%га жетет. Салыштырмалуу бул көрсөткүч Европа биримдигинде беш эсе төмөн. Бул көрүнүш көмүрдү 20-30%га көп колдонууга себепкер.

Таштанды полигону Бишкекте орногон ыштын дагы бир себеби. Бул полигондо он жылдан бери таштандылар өрттөнүп, атмосферага көптөгөн уулу заттар ыргытылат.

Медициналык илимдердин кандидаты Калия Молдогазиеванын айтымында, шаардын таштанды полигону тургундардын ден соолугуна чоң зыян алып келет:
"Таштандыларды өрттөгөндө атмосферага уулу заттар бөлүнүп чыгат. Алар фурандар, диоксиндер, формальдегиддер, кычкылтек газы, метан жана башкалар. Мунун баары адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Өзгөчө кооптуу болуп диоксиндер саналат", - дейт Калия Молдогазиева.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев ыш тамеки чегүүдөн да зыян экенин айтты
Өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев ыш бронхит, астма жана башка жүрөк ооруларын пайда кылаарын айтты. Мындан сырткары, тамеки чегүүгө караганда абанын кирдигинен көп адам каза болоорун билдирди:
Бюджеттен акча которулганы менен парктык зоналар азайып келет
2020-жылынын июнь айында Бишкек шаарынын жалпы парктык зонасы 374 гектар түзгөн.
Абанын таза болушунда бак-дарактар жана парктык зоналар эң таасирдүү роль ойнойт. Бирок, жыл сайын алардын саны, которулган акчаларга карбай, кыскартылып келет. Мамлекеттик сатистика комитетитин маалыматына ылайык, 2019-жылы жалпысынан айлана-чөйрөнү коргоо максаттарына Республикалык бюджеттен 798,7 млн.сом каралган. Анын ичинен парктарды жана коруктарды коргоого 136,9 млн.сом бөлүнгөн.
Бөлүнгөн каражаттарга карабастан, Бишкек шаарындагы жашыл зоналарды калыбына келитирүүнүн аймактары жыл сайын азайып келет. Эгер 2006-жылы Бишкек шаарында 40 га токой чарбасы калыбына келтирилсе, былтыр ал көрсөткүч 5 га эле болгон.
Кыргызстан Париж климаттык келишимин аткарбай эле
Кыргыз Республикасы 2015-жылдын 12-декабрында Парижде климаттык келишимге кол койгон. Ал келишимге кол койгон өлкөлөр атмосферага ыргытылып жаткан парник газынын көлөмүн азайтыш керек. Бул келишимдин алкагында дүйнөнүн 65 өлкөсү таза энергияга өткөрүн жарыялап жатканда, постсоветтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан, парник газын атмосферага ыргытуусун көбөйткөнү жатышат. Мындай билдирүүнү The Climate Action Network International уюмунун Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия бөлүмү билдирген. Бул уюмдун билдирүүсүндө Кыргызстан парник газын атмосферага ыргытуу көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырып жана Париж климаттык келишиминин шарттарын аткарбай жатканын өз анализинде билдирген.
Абаны сатып алууга алып келиши мүмкүн
Кытайдын борбор шаары Пекинде абанын булгангандыгы адамдын ден соолугу үчүн өтө коркунучтуу деп табылган. Бул тууралуу The New York Times, Washington Post, BBC сыяктуу дүйнөлүк басылмалары жазып чыккан. Пекиндеги аба менен дем алуу бир күндө 40 тамеки чегүүгө барабар. Бул себептен, Пекин шаарында таза абанын баллондору сатыла баштаган.