​БШК: Форма-2 укугу жокко чыгарылгандыктан жарандар каттоо эсебин убагында тактоосу зарыл

  • 3 года мурун

Форма-2 жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, каттоо эсеби жаранды тигил же бул шайлоо участогуна киргизүүнүн критерийи болуп саналараны Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет.

Калкты тейлөө борборлору жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү 31-декабрга чейин саат 9:00дөн 20:00гө чейин дем алышсыз иштээрин БШК эске салат.

Паспортто көрсөтүлгөн жашаган жери боюнча каттоо дареги “Дарек-маалымдоо бюросу” (ДМБ) автоматташтырылган маалымат системасында көрсөтүлгөн жашаган жери боюнча каттоо дарегине дал келбеген учурда, шайлоочулар 29-декабрга чейин (кошо алганда) шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Бул учурда шайлоочулар биометрикалык идентификациялоо жол-жобосунан өтөт.

2004-жылдын үлгүсүндөгү (AN) паспорту бар, жашаган жеринин каттоо дарегин (ДМБ) алмаштырган, бирок ошол эле учурда жашаган жеринин каттоосунун дарегине ылайык паспортун алмаштырбаган шайлоочулар туруктуу жашаган жери боюнча шайлоо участогуна келип, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз (мурдагы 1-форма) бере алышат.

2017-жылдын үлгүсүндөгү (eID) паспорту бар шайлоочулар туруктуу жашаган жеринин каттоо дарегине (ДМБ) жана бекитилген чек араларына ылайык тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Иш-чаралардын календарлык планына ылайык КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмеси 2020-жылдын 18-декабрында “Тизме” (https://tizme.gov.kg/) порталына жайгаштырылды. Отчеттук мезгилде шайлоочулардын тизмеси 3 556 864 шайлоочуну түздү.

Ар бир шайлоочу 2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрга (кошуп алганда) чейин шайлоо участогуна келип, шайлоочулардын «Тизме» мамлекеттик порталынан, 119 номуруна чалып (чалуу акысыз), 119 номуруна жеке ПИН номуру менен смс жөнөтүп, өзүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, тактай алат, Сиз өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты