​БШК: Референдум боюнча «макул» жана «каршы» үгүт топторун түзүп жаткандарга кайрылуу

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик телерадиокомпанияларда акысыз эфирлер 28-декабрда башталаарын билдирет.

Эфирге чыгуу форматы: жеке кайрылуу;- тегерек үстөл; дебаттар.

БШК «Референдумда («макул», «каршы») үгүт топторунун ишмердигин уюштуруу жана каттоонун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, мамлекеттик телеуюмдар референдумга алынып чыккан суроолор боюнча агитация жүргүзүү үчүн «макул» тобуна да, «каршы» тобуна да бирдей шарт түзүүгө милдеттүү экенин эскертет.

25-декабрга карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы агитация жүргүзүүчү 10 топту каттады:

— президенттик республика үчүн «макул» — 5 үгт тобу;

— президенттик республикага «каршы» — 1 үгүт тобу;

— парламенттик республикага «макул» — 2 үгүт тобу;

— бардык варианттарга «каршы» — 2 үгүт тобу.

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалган. Белгиленген мыйзамдын 3-беренеси боюнча добуш берүүчү бюллетенге төмөнкүчө суроонун тексти бекитилген:

«Сиз Кыргыз Республикасын башкаруунун кандай формасын колдойсуз, «президенттик республика», «парламенттик республика», «бардык варианттарга каршы» (Сиз тандаган жооптун тушуна тиешелүү белги коюңуз)».

Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.

Пайда болгон суроолор боюнча БШКнын референдумда топтордун агитациясын каттоо тууралуу арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топко кайрылыңыздар: 0312 660 118.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты