Соттор кеңеши: Күнөөсүздүк презумпциясы жана сот бийлигине кысым

  • 3 года мурун

Соттор кеңеши Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин 24-декабардагы басма сөз жыйынында Жогорку сот төрайымы Гүлбара Калиева тууралуу айткандары боюнча Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат жолдоду

Ачык катта мындай деп айтылат:

-Соттор кеңеши акыркы убакта сот бийлик бутагына укук коргоо органдары тарабынан болуп көрбөгөндөй кысымдар жана куугунтуктоолор болуп жатканына тынчсызданууда. Аталган органдардын басма сөз кызматы жана кээ бир жетекчилери тигил же бул судья сот тарабынан күнөөлүү деп табыла электе эле анын кылмыш кылганы далилденди деген билдирүүлөрдү байма-бай таратып жатат.

2020-жылдын 24-декабрында УКМКнын төрагасы КамчыбекТашиев пресс-конференция учурунда “Жогорку соттун төрайымы кармалат, ага коюлган айыптар боюнча жетиштүү далилдер бар” деп билдирүү жасады.

Ушуга байланыштуу, соттор кеңеши, Кыргыз Республикасынын соттордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан соттук өз алдынча башкаруу органы катары, бийликтин бир бутагы болгон сот тутумуна, анын жетекчисине карата айтылган айыптоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана жазык-процесстик мыйзамдарына каршы келээрин билдирет.

Күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциптеринин бири болуп саналат, ал адам кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталганга чейин күнөөсүз деп эсептелет.

Акыркы окуялар — укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүүсүнүн далили. Буга жол берилбеш керек. Анткени, бул жалгыз сот бийлигинин бутагынын гана эмес, жалпы эле мамлекеттик бийликтин негиздеринин кадыр-баркына жана туруктуулугуна шек келтирет, -деп жазылат ачык катта.

Андан ары Соттор кеңеши Президенттин милдетин аткаруучудан соттун көз карандысыздыгын камсыдоого көмөктөшүүнү суранды:

-Соттор кеңеши сизге бардык бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоодо өзгөчө орунда турган Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу катары кайрылып, сот корпусуна карата айтылган жогорудагыдай бир жактуу айыптоодон жана кысым көрсөтүүдөн калкалооңузду, сот тутумунун көз карандысыздыгын камсыздоого көмөктөшүүңүздү суранат. Анткени, бардык мамлекеттик органдар менен структуралар бирдиктүү максатты көздөшөт – бул жарандардын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыздаган, коррупциядан алыс болгон мыйзамдуулукту куруу, — деп кайрылды алар Президенттирн милдетин аткаруучу Талант Мамытовго.

24-декабрдагы басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку сот төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козголо турганын билдирген. Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айткан.

Ташиев тергөөдө далилдери жетиштүү, төрайым мамлекетке бир топ зыян келтирүүгө шекетлүүдө. Бул иш Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына берилди, эгер алар Жогорку сот төрайымын жоопкерчиликке тартууга макулдугун берсе, Гүлбара Калиева кармаларын кошумчалаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты