Медиа Полиси институту жаңы Конституциялык долбоордо сөзсүз болушу керек мыйзамдарды атады

Медиа Полиси институтунун юристтери азыркы учурда жаңы Конституциянын тексти жок болгондугуна байланыштуу, учурдагы Конституцияда сөз эркиндигин, адам укуктарын коргогон нормаларга токтолушту. Алардын ою боюнча, бул нормалар жаңы Конституция долбоорунда сөзсүз болушу керек.

Көп учурда адам укуктары дегенде батыштын баалуулуктары деп айтышат. Бирок адам укуктары жөнүндөгу бул нормалар Бүткүл дүйнөлүк адам укутары декларациясында жана Эл аралык жарандык жана саясий укуктар пактысында жазылган. Биз бул эл аралык келишимдерге Кыргыз ССРи болуп СССРдин курамында болгон учурда ратификациялаганбыз. Бул батыштын продуктусу эмес, Кыргызстан дагы бул нормаларды иштеп чыгууга катышкан.

Мыйзамдар мыйзам ченемдүү болушу керек

Укук коргоочу Бегаим Усенова Конституциянын 20-беренесине токтолду. Ал берене Эл аралык жарандык жана саясий укуктар пактысынын 19-беренеси менен дал келет.

20-берене боюнча Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

2. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Бегаим Усенова мыйзам, аны окуганда бардык жаран түшүнгүдөй ачык, так, түшүнүктүү жазылышы керек экендигин белгиледи: “Каалаган аткаминер каалагандай мыйзам жаза бергени туура эмес. Азыр адамдардын укугун буза турган мыйзам жазылса, эл аралык майданда легитимдүү болуп эсептелбейт”, — деди.

Ошондой эле ал мыйзам кабыл алуудагы аткарылчу эрежелерге токтолду:

  1. Сунушталган мыйзамдар мыйзамдуу болуш керек. Адамдын укугун чектөөгө боло турган беренедеги тизмени депутаттар же мамлекеттик органдар кеңейте алышпайт. Себеби- бул толук тизме. Коюлган чектөөлөр демократиялык башкаруу жолуна дал келиши керек.
  2. Пропорционалдуулук- Мамлекет кайсы бир иштерге кийлигишип жатып өзүнө пайдалуу болгонду эмес, тиешелүү, минималдуу чараларды колдонулушу керек. Мисалы: ЖМКларга айып пул катары салынган акчаларды алар көрмөк түгүл, элестете да алышпайт. Бул мыйзамдуу эмес, эл аралык стандарттарга дал келбейт. Тескерисинче ашыкча чара катары кабыл алынат. Демократиялуу өлкөдөгү пропорцианадуу чара бул- эл алдында четке кагуу, же чындап эле моралдык доо кетирилген болсо адекваттуу сумма чегерилиши керек. Себеби, укутарды чектөө, сөз эркиндиги укугуна доо кетирбеши керек. Мисалы: маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү мыйзам сыяктуу кандай ишке ашырылары билинбеген мыйзамдар ашкере чектөө экенин билишибиз керек.
  1. Бизде көбүнчө чектөөлөрдү улуттун коопсуздугу үчүн деп түшүндүрүшөт. Демек, кайсы бир аткаминердин, президенттин, таасирдүү топтун репутациясын коргоо максатында чектөөлөр кирбеши керек. Улуттун коопсуздугу деген территориалдык бүтүндүк же чет жактан күч менен коркутуулар. Бизде,- “Улуттун коопсуздугу үчүн”,- деп коррупцияга күнөөлөнгөн армиянын чиновнигинин соттук ишин чагылдырууга тыюу салган учур болгон. Бул- мыйзамсыз чектөө, ашыкча чара.
  2. Коомчулуктун адеп-ахлагын коргоо. Бул да биздин коомчулукта кеңири таралган. Коомдук адеп-ахлакты бузбай турган учурда деле мындай чаралар колдонулат. Адеп-ахлак- бул бир маданиятка тийиштүү эмес. Бир улуттуу, бир жаштагы, бир жыныстагы жарандар болбогондон кийин адам укуктары, жашоо укугу, сөз эркиндиги универсалдуу болушу керек экендигин айтты.

Адам укуктарына чектөөлөр мамлекетти, бийликтеги адамдарды сын-пикирден коргоо үчүн киргизилбөөсү керектигин баса белгиледи.

Россия, Украинадагы кесиптештерибиз бул мыйзамыбызга көз артышат

Медиа өкүлү Акмат Алагушев 33-берененин маанилүүлүгүн айтты.

33-берене.

1. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ.

2. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу.

4. Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалымат берүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

5. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес.

Алагушев 33-беренени толугу менен көчүрүп барыш керек деп эсептейт. Себеби, бул беренедеги төрт норма жарандардын маалымат алуу укугуна арналган. Бардык жаран өтүнүч жөнөтүп мамлекеттик, муниципиалдык органдардан маалымат алуу укугун берет. Алагушев: “33-берененин 5-пунктун киргизишкенине биз ыраазы болушубуз керек. Бул- жалаа жабууну криминалдаштырбоо аракети жөнүндө. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жалган-жалаага байланышкан бардык маселелерди алып салдык деп жатышат. Аны албаш керек, тескерисинче кошуш керек. Бул чоң жетишкендик болгон. Казакстан, Россия, Украинадагы кесиптештерибиз бул мыйзамыбызга көз артышат. Конституциялык жактан жалган жалаа үчүн жоруктар жана кылмыш кодексине өзгөртүү киргизү жөнүндө демилге да көтөрүлө албайт”,- деди.

Ошондой эле, бул берене боюнча ар бир жаран маалымат алууга жана таркатууга укуктуу. Жаңы Конституцияда бул норма алынып салынган. ЖМК өкүлдөрү гана маалымат алууга таркатууга укуктуу экени жазылат. Жалпылап айтканда ЖМК өкүлдөрү 5%ы түзсө, калган 95% маалымат алуу укугунан ажыратылат. “Бул жарандардын фундаменталдык укуктарын бузуу болуп эсептелет. Биз бул мыйзам менен мамлекеттик жана муниципиалдык органдардан өзүбүз жөнүндө, алардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алуу укугунан ажырайбыз. Биз барыбыз аларды каржылаган салык төлөөчү болуп эсептелерибизди унутпашыбыз керек. Социалдык кызматтар, билим берүү, медицина, кредиттер жана гранттар жөнүндө да маалымат ала албай калабыз. Мисалы азыр актуалдуу болуп жаткан Covid-19 жөнүндө толук маалымат, дарылоо жөнүндо протоколдорду ала алышпай калат”,- деди.

Конституция биздин багытты аныктайт

Медиа Полиси институнун юристи Нурбек Сыдыков адеп-ахлакка байланыштуу адам укуктары канчалык деңгээлге чейин чектеле алары жөнүндө баяндады. Каада-салттар, адеп-ахлак- дайыма өзгөрүп туруучу нерсе. Алар коомдук, диний жана философиялык көндүмдөрөн калыптанат деген Токтакунов: “Чектөөлөр бир салттын негизинде гана болбошу керек. Бул Эл аралык жарандык жана саясий укуктар пактынын 19-беренесинде камтылган. Ага ылайык адеп-ахлак бир гана каада-салттын негизинде түзүлбөйт. Диний, турмуштук, философиялык компонеттердин биригүүсүнөн куралышы керек”, -деп айтты.

Конституциянын жаңы долбоорунун 23-беренеде: “Жалпы кабыл алынган нравалык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салтына жана эл аралык стандарттарга каршы келген кагаз жана электрондук басылмаларга, иш-чараларга тыюу салынары жөнүндө айтылат. 11-беренеде КР аймагында цензурага жол берилбейт деп көрсөтүлсө, кайра эле 23-берене цензурага жол ачып жатканын айтты. “Ушул эле берененин экинчи пункту боюнча ЖМК тарабынан Кыргызстан элинин маданиятына, адеп-ахлагына зыян келтирүүчү маалыматтардын таркатылуусуна чектөө коюлат же тыюу салынат. Бул норманын кереги деле жок болчу. Себеби, бул норма азыркы Конституцияда бар. Бирок, бул мыйзамда укукту чектөөгө боло турган шарттар, мыйзамдын зарылчылыгы жөнүндө айтылбайт. Кыргыз элинин салты оюн эркин билдирүүгө тыюу салууга негиз боло албайт. Кыргызстанда 80ден ашуун улут жашайт. Алардын ар биринин салты ар башкача түшүндүрүлөт”,- деди.

Салттар улам алмашып, өзгөрүп турат. Мисалы: ала качуу мурун салт болуп эсептелсе, азыр кылмыш катары эсептелет. Же болбосо бел куда деген салт бар болгон, балдар эненин курсактагы кезинде же бешикте жаткан кезинде кудалашышкан. Азыр мындай норма жок же өтө сейрек экендигин айткан Нурбек Сыдыков: “Каада-салттарды, маданиятты адам укуктарына чектөөгө байлоо — абсурд. Себеби, салттар улутка гана эмес региондорго жараша да өзгөрөт”,- деди.

Жогорку Кеңештин 80 депутаты 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюшкан. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун демилгеси менен Конституциялык кеңешме түзүлүп ал Конституциянын долбоорунун үстүндө иштеп жатышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты