​“Лучше всех” программасына катышып, Галкинди таң калтырган кыргызстандык Барсбектин баяны

3 жашынан баштап курулуш тармагын жакшы өздөштүрүп, Россиянын “Биринчи каналынын” “Лучше всех” шоусуна катышып, Галкинди таң калтырган кыргызстандык жети жаштагы Барсбек Аджибаевдин апасы Кундуз Дүйшеева Барсбек тууралуу баяндап берди.


Барсбек Аджибаев Москва шаарында туулган. Үй-бүлөөө эки бир туугандын улуусу. Барсбектин атасы Исфарада, апасы Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн. Москвага иштегени келип, ошол боюнча калып калган. Алар Россиянын Химки шаарында турат.

“Балабыздын өзүнүн долбоору бар”

-Барсбек — жети жашта. Москва шаарында төрөлгөн. Азыркы учурда Химки шаарында 1-класста окуйт. Балабыз курулуш тармагына 3 жашынан баштап кызыга баштаган. Ал лего кубиктерин көп тизип ойночу. 5 жашынан баштап көп кабаттуу үйлөрдүн сүрөттөрүн көп тарта баштаган. Бул өнөргө өзү эле кызыгып тартылды. Эч кандай курска дагы берген жокпуз. Азыр дагы сүрөттөрдү көп тартат. Барсбектин курулуш боюнча өзү иштеп чыккан долбоору бар.

“Балабыздын бул өнөргө кызыгуусу дээринен экен”

-Атасы инженер-куруучу. Мен кесибим боюнча тарых мугалимимин. Атасы деле балабызды курулуш тармагына багыттачу эмес. Өзүнүн эле дээринен экен кызыгуусу. Себеби атасы эртеден-кечке жумушта болот. Балабыз бала-бакчага барганда тарбиячылар балабызды сүрөттү жакшы тартаарын байкап, бизге айтышчу. Бала-бакчадан да конкурстарга катышып ийгиликтерге жетишип жүрдү.




















“Ким менен болсо да тилин таап, сүйлөшүп кете алат”

-Мектепке 1-класска барганда сабактарды абдан жакшы окуй баштады. Мектептен класс жетекчиси чалып мактап турат. Барсбек кимдин болсо да тилин таап кете алат. Балким ушунусу менен дагы көп адамга жагат деп ойлойм.

“Дароо эле редактор чалып, бизди кастингге чакырды”

-2020-жылдын март айларында биринчи каналга «Лучше всех» программасына билдирүү таштаганбыз. Дароо эле редактор чалып эртеси кастингге чакырды. Биз көп деле даярдаган жокпуз балабызды. Себеби убакыт аз болуп калды. Кастингде бала менен бетме-бет 40 минута сүйлөшүштү. Кастингге канча бала барганын деле билбейбиз, себеби убакыт коюп коюшат экен ошол убакытка

барып калыш керек. Ал жерде балага ар кандай суроолорду берип жатышты. Курулуш тармагына тиешелүү суроолор дагы көп берилди. Кастинг бүткөн соң, өзүбүз байланышабыз деп коюшту.

“Барсбектин өтөөрүнө ишенгенбиз”

-Буга чейин кошуналарыбыз, тааныштарыбыз, айтор Барсбекти тааныгандардын бардыгы эле «Лучше всех» деген программа бар, ошого билдирүү жибергиле деп көп айтышчу. “Балаңар абдан таланттуу бала” деп. Биз бул программаны көрчү деле эмеспиз, ага чейин. Билдирүү берип жатканда эле жакшы сезим болгон. Себеби биз Барсбектин өтөөрүнө ишенгенбиз. Барсбек курулуш тууралуу өтө көп маалымат билет.

“7 жумадан кийин продюсери бизге кастингден өткөндүгүн кабарлады.

-7 жумадан кийин бизге продюсери чалып кастингден өткөндүгүн айтты. Биз абдан кубандык. Барсбек дагы аябай толкунданып, башкача сезимдер болду. Бирок ошол убакта пандемия башталып калып, программага тартылуу күнү жылдырылды. Август айында кайра чалып, “Мосфильмге” чакырышты. Ал жерге Барсбектин планшеттеги долбоорлорун, сүрөттөрүн алып бардык, ошол жерден өздөрү тандап алышты. Берүү беш күн тартылды. Атайын өздөрү кийимдеринен бери даярдашат экен.






































“Бул программага күнүнө 1000дей билдирүү түшөт экен”

— «Лучше всех» программасы үчүн көп адамдар иштейт экен. Бир жумалык съемка кызыктуу өттү. Ал убакыттын ичинде Барсбек көп адамдар менен таанышып, тил табышып кетти. Барсбек ал жактан бардык адамдарга жакты. Мен билдирүү берерден мурун Инстаграммда атайын баракчасы бар, ошол жерден түз эфирлерди жүргүзүп турушчу. Ал жерден 1000ге чукул ата-эне жазат «эмнеге биздин билдирүүгө жооп бербей жатасынар» деп. Редакторлорлор айтышчу күнүнө сайтка 1000дей билдирүү түшөт, биз жетишпей жатабыз деп. Бул программага Россия эле эмес, Борбор Азиядан дагы келет экен.

Кастинг учурунда Барсбек гана жалгыз кыргыз болуп турду”

-Балабыз Химки шаарынын атынан чыкты. Себеби биз бул жактын жашоочусу болуп калганбыз. Бирок эң негизгиси балабыз Химки шаарынын атынан чыкса да балабыз кыргыз да. . Биз ошого кубанабыз. Кыргызстандын атынан деле чыкмакпыз, болгону биз бул жактын туруктуу жашоочусу болуп калганыбыз үчүн гана чыга алган жокпуз.

“Эфирди көргөндө башкача сезимдер болду”

-Эфирди көргөндөн кийин абдан толкундандык. Балабызды телевизордон көрүп, сүйүндүк. Буюрса, аманчылык болсо бул жактан каалаган жогорку окуу жайында окуп, бир кесипке ээ болгон соң өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салымын кошкон инсандардан болсо экен деп тилеп жатабыз. Кыргыз элиме дагы терең ыраазычылык билдирем.

Дилде Шатанова

Сүрөттөр: Кундуз Дүйшееванын жеке архивинен

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты