​Садыр Жапаров “Интерфакс” агенттиги жүргүзгөн рейтинг боюнча дүйнөлүк ийгиликтүү 10 саясатчыга кирди. Бирок, рейтингдин кантип аныкталганы белгисиз. Фактчекинг

Facebook тармагында Садыр Жапаров “Интерфакс” маалымат агенттиги жүргүзгөн рейтингде мыкты 10 саясатчынын катарына кошулганы жөнүндө айтылган. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты тактап көрдү.




















“Интерфакс-Украина” агенттигинин 22-декабрда дүйнөлүк ийгиликтүү жана ийгиликсиз саясатчылардын ТОП-рейтингин аныктаган макаласын чыгарышкан.











Рейтингди аныктоо критерийлери ачык эмес

Бул рейтинг кандай критерий менен аныкталганы ачык жазылган эмес. Атайын сурамжылоо өткөрүлгөнбү же комиссия тузүлгөнбү белгисиз.

Макала экономикалык жана саясий эксперт Антон Ровенскийдин автордук материалы болуп эсептелет. Ал Украинада жана дүйнө өлкөлөрүндө болуп жаткан саясий окуяларды жазат.

“Интерфакс-Украина” агенттиги аныктаган дүйнөнүн ийгиликтүү саясатчылардын тизмегинде Президенттикке талапкер Садыр Жапаров дагы бар . Рейтинг боюнча:

  1. Режеп Тайип Эрдоган (Түркия)
  2. Нарендра Моди (Индия)
  3. Си Цзиньпин (Кытай)
  4. Камала Харрис (АКШ)
  5. Виктор Орбан (Венгрия)
  6. Садыр Жапаров (Кыргызстан)
  7. Ингрида Шимоните (Литва)
  8. Майя Санду (Молдова)
  9. Ильхам Алиев (Азербайджан)
  10. Луис Арсе (Боливия) ондукка кирген.

Бул рейтингге кирген саясатчылар өлкөнү оор абалдан ийгиликтүү алып чыкканы, эл аралык саясатта чечүүчү ролду ээлегендиги үчүн бааланышкан. Мисалы, Эрдогандын тушундагы Түркия эң активдүү геосаясий оюнчулардын бири болгондугу үчүн биринчи орунду ээлеген. Ал эми Си Цзиньпин коронавирус пандемиясын ийгиликтүү көтөрүп, Кытай 2020-жылдын аягына чейин экономикалык өсүштү көрсөткөндүгү үчүн үчүнчү орунга ээ болушканы жазылат.

Ал эми Садыр Жапаров жөнүндө макалада:

“Кыргызстанда болуп өткөн төңкөрүш экинчи ролдогу айрым саясатчылар үчүн социалдык лифт болуп калды. Буга — түрмөдө отурган Садыр Жапаровдун Президенттин милдетин аткаруучу, прмьер-министр креслолорун ээлегендиги мисал боло алат. Жапаров дароо эле Кыргызстандагы башкаруу тутумун “өзү үчүн” калыптандыра баштаган жана республикада кийинки президенттик шайлоодо фавориттердин бири”,- деп жазылат.

Ошондой эле агентттик ийгиликсиз саясатчылардын да рейтингин жарыялаган. Ага Никол Пашинян (Армения), Игорь Додон (Молдова), Александр Лукашенко (Беларусь) жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон киришкен.

Интерфакс-Украина” — 1992-жылдан бери иш жүргүзуп келе жаткан Украинанын ири маалымат агенттиктеринин бири.

Жыйынтык: “Интерфакс-Украина” маалымат агенттиги чыгарган рейтингге Садыр Жапаровдун киргени чын. Бирок рейтингдин кантип аныкталгандыгы белгисиз. Демек, рейтингдин обьективдүүлүгү күмөн жаратат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты