​Солтон-Сарыдагы алтын кенин белгисиз топ басып алды

  • 3 года мурун

Алтын кенин белгисиз адамдар басып алганын активист, укук коргоочу Качкынбек Булатов 22-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасында жарыялаган. Ал «кечки саат 16.00 чамасында Солтон-Сары жайлоосундагы алтындын запасы бар Көл-Төр жана Чолок-Төр тилкесин Эмгекчил айылынын 20 тургуну басып алды» деп жазган.

Нарын облустук милициясы Эмгекчил айылында белгисиз топ Солтон-Сары алтын кенин басып алганын «Азаттыкка» ырастады.

Ошондой эле бул адамдар жабылган штольняны (кенге жер үстүнөн кирген жантайма жол) ачып кирип, өз билгенин кылып жатканын, ушу тапта алар алтындын запасын казууга киришкенин маалымдаган.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенин иштетүү укугу кыргыз-кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.

Бирок аны иштетүүгө жергиликтүү эл нааразы болуп, былтыр чыккан чыр-чатактан улам аталган компаниянын иши токтотулган.

Сүрөттө: Нарын облусундагы Солтон-Сары кени. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты