Каныбек Иманалиев: «Азаттыкка» кысым көрсөтүү туура эмес

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Азаттык» радиосуна карата кысым болуп жатат деп эсептейт.

21-декабрда ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу видео кайрылуу таратып, «Азаттык» радиосу өлкөдөгү ири коррупциялык иштердин бетин ачып, элге жеткирип жатканын белгиледи:

«Негизги талапкердин бири «Азаттыкка» чоң кысым көрсөтүп жатканын Интернеттен окуп калдым. Бул туура эмес. «Азаттык» – кыргыз журналистикасынын эталону. «Азаттык» бизге эгемендик менен чогуу келген. «Азаттыкта» кыргыз журналистикасынын чыгаан лидерлери иштейт. Мурда президент болуп алып «Азаттыкка» тийишишчү, аны менен соттошуп. Ошонун баары кетти. Ал эми келе элек жатып «Азаттыкка» тийишкенди жосунсуз жорук катары баалайм. Мен дайыма басма сөз эркиндиги тараптамын. Кыргызстанда кимде-ким саясий эркиндикке, басма сөз жана ишкерлик эркиндигине бөгөт койсо, ал биздин өнүгүүгө каршы бөгөт деп баалайм».

Премьер-министрлик кызматты убактылуу өткөрүп берип, азыр президенттикке ат салышып жаткан талапкер Садыр Жапаровдун «Фейсбуктагы» баракчасында ««Азаттык», эмне мынча сөзүмдү бурмалап жатасыңар? «Азаттыкта» кыргыздын эле уул-кыздары иштейсиңер го акыры? Кудайды карасаңар боло? Өтө эле аша чаап кетип жатасыңар. Тескерисинче жакшы ниеттеримди колдоп турсаңар жакшы болбойт беле. Эл үчүн, мамлекет үчүн» деген пост турат.

Жапаровдун 20-декабрда жеке баракчасына жарыяланган бул постунда «Азаттыктын» «Жетекчилерди сынаган Жетим-Тоо» макаласына шилтеме келтирилген жана постунун алгачкы вариантында «Азаттык» тууралуу «эл душманы» деген сөз колдонулуп, кийин ал сөз өчүрүлгөн.

Жетим-Тоо тууралуу макалада «Азаттык» Жапаровдун өзүнүн да, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн да жүйөлөрүн толук (айрым видеолордун коштоосунда) келтирген.

2021-жылдын 10-январында Жапаров менен Каныбек Иманалиев да бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты