Президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана чыгымдалган акчасы (Гистограмма)

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат берди.

БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 18-декабрына банк маалыматтарынын негизинде 18 талапкердин шайлоо фондуна каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматы боюнча жеке шайлоо фондуна Садыр Жапаров башка талапкерерге салыштырмалуу көп каражат салган:

Андагы маалыматта көрсөтүлгөндөй, эң чоң каражат:

1. Садыр Жапаровдун шайлоо фондусуна 47 млн 404 миң сом төшкөн. Анын ичинен 43 млн 729 миң 069 чыгымдалды.

2. Бабыржан Төлбаевдин шайлоо фондуна 9 млн 352 миң 722 сом түшкөн, анын ичинен 5 млн 687095 сом чыгымдалган.

3. Имамидин Ташовдун шайлоо фондуна 4 млн 924 600 сом түшкөн, анын ичинен 2 млн 950 110 сом чыгымдалган. Рашидд Тагаевдин шайлоо фондуна 3722 500 сом түшкөн, анын 3 млн 057 миң 117 сому чыгымдалган.

4. Абдил Сегизбаевдин шайлоо фондуна 3 млн 609 миң 910 сом түшүп, анын 3 млн 472 миң 570 сому чыгымдалган.

5. Аймен Касеновдун шайлоо фондуна 3 млн 310 миң 305 сом түшүп, анын 2 млн 799 миң 788 сом чыгымдалган.

6. Жеңишбек Байгуттиевдин шайлоо фондуна 2 млн 934 миң 100 сом түшкөн, анын 2 млн 596 миң 086 сому чыгымдалган.

Кененирээк гистограммада.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты