​Талапкерлердин логотиптери плагиатпы?

Президенттик шайлоого карата үгүттөө иштеринин башталуусу менен талапкерлердин ысымы жазылган логотиптери да шаардын көчөлөрүнө илинип, социалдык тармактарга да таратыла баштады. Twitter колдонуучусу өзүнүн баракчасына көпчүлүк талапкерлердин дизайнерлери Байдендин логотибинен илхам алганын жазып чыккан. ПолитКлиника медиасы дагы башка талапкерлердин логотиптерин текшерип көрдү.

Джо Байденден “үлгү алгандар”

Сүрөттөн Равшан Жээнбеков менен Улукбек Кочкоровдун жазылышындагы Е тамгасынын дизайны Америкалык саясатчы Джо Байдендин Е тамгасынын стилине окшош экенин байкоого болот. Мында талапкерлердин дизайнерлери чын эле илхам алдыбы же жөн эле кокустукпу деген суроо туулат.

Ал эми Садыр Жапаровдун “Садыр — Президент!” деген урааны да Байдендин ураанынын түз которулушу экени байкалып турат.

Ошондой эле Жапаровдун атрибуттарынын арасындагы “#мойвыбор” жазуусу бар плакаттын дизайнынын “Реформа” партиясынын стилине окшоштугун көрүүгө болот.

Бабуржан Тольбаев жана Америкалык коомдук активист

Бабуржан Тольбаевдин логотиби америкалык саясатчы, коомдук активист Александрия Окасио-Кортестин социалдык жактан жардам берүүчү өнөктүгүнүн логотибине окшош экени бир көргөндө эле дароо байкалат.

Өнөктүктүн волонтерлору. Окасио-Картестин фейсбук баракчасынан алынды.

Жеңишбек Байгуттиевдин логотиби

Байгуттиевдин логотибинин элементтери, фигуралар Орус библиялык чиркөөсүнүн Ютубдагы баяндарынын видео-обложкасынын бирине окшош.

Элдар Абакиров

Талапкерлердин бири Элдар Абакировдун логотибинин элементтери, түстөрү менен Орусиядагы “Планета” китеп дүкөнүнүн логотибине окшоштугун көрө алабыз.

Улукбек Кочкоров

Президенттикке талапкер болгон Улукбек Кочкоровдун жазылуу стили жогоруда белгилегендей, Джо Байдендикине окшош болсо, логотиптеги түстөр, фигуралар Орусиядагы атайын техниканы ижарага берген сайттын визиткасына окшош экени байкалат.



























“Ormon Branding Agency” бренддик агенттигинин директору Бермет Турсалиева плагиатты аныктоо оор экендигин айтат:

“Плагиат деп айтуу кыйын. Себеби, аны патенттен далилдеш керек. Геометрикалык фигураларды, элементтерди, өңдөрдү меники деп эч ким менчиктей албайт. Кээ бир дизайнерлер бар, бир дизайнды алып бир жагын кесип, экинчи жагын чоюп коюп эле сунуштай берет. Бирок айрым дизайнерлер чындап эле башка бирөөнүн дизайнынан илхом алып, ага окшош продукт жараткысы келет”, — деп билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты