Муратбек Мукашев. Жол

Муратбек Мукашев кесиби боюнча экономист. Ал ой-толгоо, аңгеме сындуу көркөм дүйнө жаратуучулар арасында да жакшы таанымал. Анын «Жол» аттуу ой-толгоосу менен таанышып коюңуздар.

Жол деген сөз мага ыйыктай сезилет. Ар бир адамдын өмүрүндө өзүнүн жолу болот. Жолу башталат, жолу түгөнөт.

Кыргыз жеринде, Чүй районунда Кегети деген ашуу бар, анан бийиктиги 3810 метр. Ал ашуу октябрда жабылат, майдын аягында же июндун башында ачылат. Ашуу өтө оор десем болот, жолу татаал. Согуштан кийин атам апамды Кочкордон атка учкаштырып, ашууну ашып келишип, үй-бүлө курушкан.

Кегети ашуусунун жолу мен үчүн ак жолтойдой сезилет. Анткени ошондон кийин мен төрөлүп, өз жолума чыгып, азыр жолумда бара жатам, ал качан түгөнөт, аны табият билет деп ойлойм.

Кыргыздар каалоо айтканда жолуң ачык болсун, жеңил, байсалдуу болсун деп айтат. Бирок ар бир адамдын өзүнүн жолу бар. Таң калыштуу: дүйнөдө ВОЗдун (Бүтдүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму-ред.) болжолу боюнча 7 млрд 855 миллион, 755 миң киши бар дейт. Ошолордун ар биринин өзүнүн жолу бар. Мейли ал европеид, негроид же монголоид расасынан болсун, бир миңден ашык улуттан, элден болсун.

Эң кызыгы- ошол адамдардын ичинен күн сайын бирөө төрөлүп, бирөө дүйнө салып жатат.

Эмне үчүн мен ушул жылы, ушул айда, ушул күндө кыргыз болуп төрөлүп жолго чыктым: Суроо өтө көп, жооп өтө аз.

Ойлоп көрсөңөр бир кезде ошол жер планетасында жашаган эл, албетте, ар кайсы жылда, мезгилде дүйнө салат. Бул объективдүү нерсе.

Өз жолунда бараткан адам ар кайсы кесиптин ээси, жеке маданияты жана философия дүйнөсү бар.

Бирөө мугалим, бирөө врач, эмне үчүн ушул кесиптерди айткым келди.

Анын себеби мугалим бизге сабак берип, бизге жол көрсөтөт дейм, а врачтар биздин ден-соолугубузду карап, жолубуз узак болгонго салым кошот деп эсептейм.

Бирок биздин өлкөдөгү билим жана медицина деңгээлин карап көрүп, билим жолубуздун оордугун көрүп жатабыз.

Адам келет, кетет, бийлик андан бетер бат келип-кетет, ошондуктан ар бирибиз өзүбуздун жолубузда эмне из калтырдык деген суроо такай туулат.

Жол жана из— буга кайсы гана даанышман жооп издебеген, издеп жатат жана издей берет.

Арийне, туура жооп жок.

Жолуң шыдыр болсун, жолдошуң кыдыр болсун дейт кыргыздар.

Ойлойм жол, жолдошуң деген сөздөр өзүнчө диалектүү, тарыхый философия.

Буга канча дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар баштарын катырышкан жооп издеп.

Гениалдуу Альберт Эйнштейн өлөөр астында айткан экен… Мен эчтеке билбегенимди билем деп. Эми ошо киши өзүнүн жолун басып, эң чоң дүйнөлүк ачылыштар кылган даанышман ушинтип айтып атса, калганыбыз эмне дейбиз.

Мен ой жүгүртүп, күлүп айткан жолдор жөнүндө, учуп аткан аба жолдор жөнүндө айткым келген жокмун, алар башка тема.

Адамдын жолу, ал ар бир адам гана табият берген өзүнүн гана жолу.

Ошону билсек, олуя болуп калмакпыз дейм, ошондуктан бул же башка себептен көпчүлүк эл башына жазганды көрөсүң деп айтат, ар кимдин жолу, маңдайына жазылган деп жүрөбүз.

Аны ачып окуган киши барбы деген суроо туулат.

Суроо турмуш жолунда ушунча көп, а жооп ушунча аз.

Окумуштуулар айтат, жер планета катары 3 млрд жашта деп, а адам пайда болгонуна 3 миллион жыл болуптур.

Ошондуктан биздин планета, адам канча жол басты. Ойлоп көрсөк, 3 миллион жыл, бир өмүрдүн жолу, болуптур 75 жыл дейли, бул орустар айткандай “пылинка” (кыпын—мен коштум-А.) болуп саналат да.

Менин айтаарым ушул жарык дүйнөгө келип, өзүбүздүн жолубузду ак ниет, ак тилек, ак ой, ак иш менен бассак, кандай сонун болор эле.

Тилекке каршы андай эч качан болгон эмес жана болбойт экен.

Адам өзүнүн жолунда ушунчалык көп ката кетирет экен, ал көбүнчө билиминин аздыгынан, көрө албастыктан, эки жуздүүлүктөн, жалкоолуктан болот экен деп айта алам.

Жол башталат, жол бүтөт. Ошону унутпасак экен.

Бир-эки жашта басып, жолго чыга баштайбыз, 22 жашка чейин чуркайбыз, андан кийин көр оокат, 60 жаштан кийин баскан жолубузду эстеп, кээде сүйүнөбүз, көбүнчө кейийбиз, андан кийин жол кыскарып баратканын сезебиз. Жолубузду оңдойбуз деп аракет кылабыз, бирок дарман жок. Ошондуктан бул жалган жана жалган дүйнө деп өзүбүздү сооротуп, алдайбыз.

Бирөөгө жол түгөндү, бирөөгө жол башталды.

Мына көрдүңөрбү, кандай метамарфоза.

Ошондой болсо да жолуңар узун болсун деп жазганымды бүтүрөйүн.

Муратбек Мукашев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты