Сот Сооронкулованын Жапаров боюнча арызын канааттандырган жок

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын административдик соту Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына Садыр Жапаровдун талапкер катары катталышына байланыштуу доо арызын канааттандырган жок.

Сооронкулова Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгаруу боюнча 15-декабрда сотко доо арыз жазган. Садыр Жапаров кызматын тапшырганга чейин 20 күн бийликте болуп, үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болгону белгиленген. Ошондой эле бийликтеги ыйгарым укуктарын токтотууда да мыйзам эрежелери сакталбаганы да айтылды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда шайлоо мыйзамын бузбаганын айткан.

Буга чейин саясатчылар Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Ишенбай Кадырбеков, Мамбетжунус Абылов жана Бектур Асанов 9-декабрда БШКга кайрылып, Садыр Жапаровдун президенттикке талапкер катары катталышы мыйзамсыз экенин билдиришти. Алардын айтымында, Садыр Жапаров расмий отставкага кеткен жок, ыйгарым укуктарын гана убактылуу токтотуп койду. Мыйзам боюнча Президенттин милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң башталган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Президенттикке 18 талапкер катталды. Алардын арасында Садыр Жапаров жана Клара Сооронкулова да бар.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты