Акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясы

Акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясыКР Юстиция министрлиги Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен Кыргызстанда “Өз укугуңду бил! деп аталган акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясын ушул жылдан 1-3-ноябрында өткөрдү. Ысык-Көл облусу боюнча акысыз юридикалык кеңеш берүү ишчарасы ушул жылдын 1-ноябрында  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында, 2-ноябрда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында, 3-ноябрда Балыкчы шаарында болуп өттү.

Бөкөнбаев айылында  

2-ноябрь, эртең мененки саат 10.00. “Өз укугуңду бил!” аттуу акысыз юридикалык кеңеш бериле турган жер, базарга жакын жайгашган. Ар кыл тармак адистери орун алышып, кайрылган жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүүгө даяр эле. Күздүн күнү чайыттай ачылып, бул жолку иш-чараны нурдантып. Музыканын жагымдуу ыргагы чыгып, үн күчөткүч калкты чакырып жатты.

Алдын-ала кулактандырылган эл агылып, келип жатты. Иш-чара башталаары менен район тургундарына юридикалык кеңеш берүүгө камданып турган жетекчилерди, адистерди сөзгө тарттык.

Акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясыАкулуев Урмат, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын башчысы:

“Эл акцияга ыраазы”

Облустук юстиция башкармалыгынын башчысы бул акциянын максатына токтолуп кетти.

— “Өз укугуңду бил!” аттуу акысыз кеңеш берүү иш-чарасы  2016-жылдан бери өткөрүлүүдө. Акцияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Европа биримдигинин каржылоосунун негизинде уюштуруп жатат. Өткөн жылы жана быйыл да акцияны  Каракол шаарында өткөргөнбүз. Бүгүнкү күндө 1-ноябрда Жети-Өгүз районунда, 2-ноябрда Тоң районунда, 3-ноябрда Балыкчы шаарында өтүп жатат.  Акциянын максаты—жарандарыбыздын алдына келип, кандай көйгөйлүү маселелери болсо, акысыз кеңеш берүү.  Айыл аймагындагы көйгөйлүү суроолордун бири бул жер маселеси, социалдык маселе болуп жатат.  Эл акцияга ыраазы болууда, анткени бул жакта мамлекеттик каттоо кызматы, нотариус, адвокаттар ж.б. адистер кеңеш берүүдө.

—Акциянын жүрүшү жарандарыбыз укуктук жагынан сабатсыз экенин көрсөтүүдө. Ошондуктан мындай иш-чара керек. Акциянын жыйынтыгы өз натыйжасын берет деп ишенебиз.

Купешев Сталбек, адвокат, Каракол шаарынан: “Иш-чаранын пайдасы бир кыйла”

—Мен жекече иш жүргүзгөн адвокатмын. Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгы калкка юридикалык акысыз кеңеш берүү иш-чарасына бизди чакырды. Мындай иш-чаранын пайдалуу жагы  бир кыйла. Алыскы айыл калкы үчүн  квалификациялуу юридикалык жардам алуу жагы кыйын, ал үчүн тургундар райондук, облустук борборго келиши керек, чыгымдуу, жол киреси, кеңеш алуу акысы, убакыт кетет дегендей. Ал эми азыркы иш-чарадан юридикалык квалификациялуу жардамды акысыз алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.  Мисалы, Жети-Өгүз районунун борборунда өткөн юридикалык кеңеш берүү учурунда элдин бир топ маселесинин чечилишине жол ачылды.  Ал жакта бир күндө 300-400 киши кайрылды. Бул биз каттаган гана көрүнүш. Андан тышкары катталбай калган учурду кошкондо андан да көп. Анткени айрым кишилер иш-чара учурунда катталып, суроосуна жооп алуунун ордуна, оозеки сураганды артык көрүшөт, айрымдар маселесин купуя сыр катары сакташат. Негизинен социалдык маселе, пенсия чегерүү, кимдир-бирөөнү камкордукка алуу маселеси, жер боюнча, сатуу-сатып алуу келишими ж.б.   суроолор берилип жатат.

Жангазиев Аббат, Тоң райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн башчысы: “Кесипкөй, практиктер кеңеш берет”

—Бул жакта жер, үй маселеси, мураскорлук, жаңы жерлерди берүү, калктуу конуштан берилген жерлер боюнча кайрылып жатышат. Бул акция жакшы жөрөлгө, элге маалыматты кесипкөй адамдар, практик адистер беришүүдө.

Абушинов Расул, Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары:

“Түшүндүрүү иши мектептен башталат” 

—Айта кетсем, азыркы акциядан тышкары облустук юстиция башкармалыгы мектептерде да түшүндүрүү иш-чарасын киргизгенбиз. Мектеп окуучуларына да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келе жатат. Өз укуктары боюнча кеп-кеңештер берилүүдө. Биз “Тилектештик автобусу” деген долбоорду өз күчүбүз менен иштеп чыгарганбыз. Облустун райборборун кыдырганбыз. Юстиция министрлиги бизге ПРООНдун каржылоосу менен автобус бөлүп берген.

Юридикалык кеңеш алып жаткан айрым тургундарга да кайрылдык.Акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясы

Макешева Айгүл,  Тоң районунун тургуну: “Балдарыма пособие ала албай жатам”

—Күйөөм 2015-жылы каза болгон.  Төрт балам бар. Тоң районунан күйөөмдүн үйүнө Кемин районунан көчүп келгенбиз. Бул жактан балдарыма пособие ала албай жатам. Мурда жашаган жеримен пособие алчумун. Бирок август айынан бери бул жакка келгени балдарга пособие чыкпай калды. Аны алуу үчүн кандай документтер керек экенин сурап билдим.

Бердибаева Канаткан: “Алыстан атайы келдим”

—1975-жылдан бери Бөкөнбаев айылында жашайм, төрт балалуумун. Көп жылдан бери ушул жакта жашап, айылдын көйгөйлөрүн жүрөгүмдө көтөрүп жүрөм. Эң биринчиден, өзүмдүн балдарымдын жана эл-журттун балдарынын тагдырын ойлойм. Алыста иштеп жүрдүм эле, иш-чара өтөрүн угуп, атайы келдим.

Кара-Ойдо эл көтөрүлгөндө тургундарга жер беришкен. 205-номердеги кезек менен уулума биз да жер алганбыз, бирок үй салдырткан жокпуз. Себеби жер берүү боюнча токтом чыга элек. Ал жакта кеминде элдин 30 пайызы там салып коюшту. Жерди бөлүп берүү боюнча токтом чыкпаса, там салгандардын тагдыры кандай болот? Уулумдун 3 баласы бар, эми төртүнчүсүн күтүп жатат. Алардын менчик үйү болбосо, кантишет? Юристтерден сурасам, балдарыбызга бөлүнгөн жер айдоо жерлер экен. Эмнеге андай жерлерди беришет? Элдин оозун басыш үчүн эле берип салышкан окшойт.

Мойнокова Сүйдүмкан: “Бул—элге пайдалуу иш”

—Элге пайдалуу кеңеш берилип жатат. Мен жер маселеси тууралуу суроо бердим. Андан тышкары жаш чагыман соода тармагында иштеп келдим. Ал жактан үлүш алуу боюнча маселелер болуп жатат.

Асанбаев Канатбек: “Жаным жай алды”

— Уулума үйдү жаздырып берүү маселеси менен келгем, үйдүн кызыл китеби жок болчу. Жоопту угуп, жаным жай ала түштү.

Азизбек уулу Ынтымак:  “Керектүү иш экен”

—Жеңил машинамды алдырып жиберип, ошол тууралуу сурадым. Керектүү иш-чара уюштурулуп жатыптыр.

Суроо бергени келген элдин агымы түш оогонго чейин басылган жок.

Балыкчы шаарында

Акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясы3-ноябрда акысыз юридикалык кеп-кеңеш берүү акциясы Балыкчы шаарында өткөрүлдү. Эртең мененки саат ондо башталган ишчара төрт сааттай созулду.

Акция башталганда Европа биримдигинин жана Адам укуктары боюнча даниялык институттун өкүлдөрүнө ишчаранын алкагында суроолорго жооп алдык

Мээрим Орозобекова, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган  Кыргыз Республикасында “Мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун коммуникация боюнча эксперти:

“Көйгөйүн айтып, кепкеңеш алууга жакшы мүмкүнчүлүк”

—“Өз укугуңду бил!” акциясы Кыргызстанда экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Юстиция министрлигинин демилгесин Европа Биримдиги колдоого алган.  1-3-ноябрда Кыргызстандын бардык аймагында өттү. Акциянын максаты—жарандарга юридикалык акысыз кеңеш берүү, калктын юридикалык сабатын жогорулатуу. Анткени өзүңүздөр билгендей, алыскы жерлерде, айылдарда, жарандардын адвокаттарга кайрылып, юридикалык кеп-кеңеш алууга мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан бир аз да болсо, ушул сыяктуу жумалык уюштурулуп, аны биз колдоого ал.дык.  Жарандар акция өтүп жаткан күндөрү гана эмес, белгиленген жерлерде каалаган учурларда кеңеш алса болот. Жарандар андай кеп-кеңеш берүү түйүндөрү бар экенин мурда билишпесе, акция учурунда көпчүлүгү билип калышат.

Акциянын түпкү максаты—жарандардын ар бирине кеп-кеңеш берип чыгуу эмес, ушундай юридикалык кеңеш алууга боло тургандыгынан калкты кабардар кылуу. Бир жагынан –үч күндүн ичинде болсо да, эл чыгынбай жүргөн маселелеринин чечүү жолдорун билип алышат. Иш-чара калкка ыңгайлуу жайларда, алсак эл көп жүргөн жерлерде, базар жанында өтүп жатат. Бул — көйгөйүн айтып, кеп-кеңеш алууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Юстиция министрлигинин адистеринин айтуусунда, Кыргызстандын жарандарынын укуктук сабатынын деңгээли төмөн. Ички миграция күч алып, жарандардын көбү өз укугун биле беришпейт, алимент маселеси курч турат, көп айымдар никесиз туулган балдарынын укугун, кайсы жакка кайрылууну билишпейт. Кайрылайын десе дагы, каражат жагы чектелүү.

Болот Исаков, Адам укугу боюнча Дания институтунун кеңешчиси: “Мыйзам үстөмдүгүн орнотууга багытталат”

— Европа Биримдигинин каржылоосунда “Өз укугуңду бил!” аттуу акция мыйзам үстөмдүгүн орнотууга багытталган. Ал КР юстиция министрлиги тарабынан уюшурулган. Мында кесипкөй адистер, Мамлекеттик каттоо кызматы, нотариус, социалдык коргоо ж.б. адистер тартылган. Бул жылдагы акциянын өзгөчөлүгү—мурунку жылдардагыдан айырмаланып, облус борборлорунда эмес, акысыз юридикалык кызмат алуу кыйыныраак болгон жерлерде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Бөкөнбаев айылында, Балыкчы шаарында өтүп жатат. Андан тышкары бул күндөрү Кыргызстан боюнча өтүүдө.

Азыр кичи шаарларда өтүп жатса, кийинчерээк башка жерлерде да өткөрүү жагы каралууда. Республика боюнча 3 күн ичинде орто эсеп менен 2000 ден аз эмес жаран кайрылат деп турабыз.

2018-жылы да юридикалык акысыз кызмат көрсөтүү акциясы уюштурулмакчы. Бирок  жарандар акция учурунда гана эмес, аймактык кызматтарга дайыма кайрылып турушса болот.

Бараканова Нуриза: “Укуктук жактан суроо арбын”Акысыз юридикалык кеңеш берүү акциясы

Ысык-Көл облустук социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үйбүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

—Бизге мураска болгон укук, сатуу-сатып алуу,  белекке берүү, жер маселеси боюнча кайрылып жатышат.  Айтор, суроолор арбын эле болууда.

Макебаев Кайыпбек: “Акыры суроомо жооп таптым”

—Балыкчы шаарында 1977- жылдан бери жашайм.  2002-жылы Крупская көчөсүнөн үй сатып алып, бирок аны өзүбүзгө каттай албай жүргөнбүз. 15 жыл болсо, эми дагы 3 жылдан кийин аны өзүбүзгө каттап алсак болот экен. Акыры жообун таптым.

Ушунбаев Эркин: “Уюштургандары жакшы”  

—Уюштуруу жагы жакшы экен.  Көп эл өз укуктарын билбейт. Жаңы мыйзам чыгып, жарандар андан кабарсыз болуп калабыз. Суранычым—суроо-жооп иретинде телепрограмма да чыгарып койсо жакшы болот эле.

Чоштоева Атыркүл: “Мага жакты”

—Элдин көйгөйлүү суроолорун угуп, аны кантип чечүүнүн жолдору боюнча адистер кеңеш берип турса жакшы да. Бул акция мага жакты. Дагы уюштуруп тургула деп айтаар элем.

Айтор, бул акциянын жүрүшүндө ысыккөлдүктөр юристтерге жерди жана турак жайды каттоо, үй-бүлөлүк талаштарды чечүү, сотко жана укук коргоо органдарына кайрылуу, юридикалык ар кыл документтерди толтуруу ж.б. суроолор менен кайрылышты.

Айгүл Бакеева, Ысык-Көл облусу.

Автор тарткан сүрөттөр 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты