​Конституцияны өзгөртүү Кыргызстандыктардын эң көйгөйлүү маселеси эмес (Фактчекинг)

9-декабрь күнү, Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Аталган мыйзам долбооруна, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев каршы чыгып, Конституцияны өзгөртүү кыргызстандыктардын эң көйгөйлүү маселесине кирбей тургандыгын айткан:

“Көпчүлүгү, Конституцияны өзгөртүүнү эл суранып жатат деп айтып жатышат. Акыркы эки социологиялык изилдөөнү карасаңар, кыргыз элин эң тынчсыздандырган жана көйгөйлүү деп эсептелген 30 маселенин ичинде, Конституцияны өзгөртүү керек деген көйгөй жок. Андан башка, пандемия, суу, коррупция, ипотека сыяктуу башка маселелер бар. Кыргыз элинин атын жамынып, Конституцияга өзгөртүү киргизебиз дегендер калп айтып жатышат”,— деп билдирген.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

2015-жылдагы сурамжылоо

2015 жылы, International Republican Institute (IRI, Эл аралык Республикалык инстититу) Кыргызстанда социалдык изилдөө жүргүзгөн. Бул изилдөөгө өлкө ичиндеги түрдүү аймактардан жашы 18 ден жогору 1500 жаран катышкан.

Изилдөөнүн жүрүшүндө, Кыргызстандыктарды эң көп түйшөлткөн маселелер аныкталган.

Аталган маселелердин сап башында жумушсуздук көйгөйү турган. Мындан сырткары, сурамжылоого катышкандардын 73%ы Кыргызстанда коррупция аябай күч алганын белгилеп, бул жагдай эң көп мамлекеттик автомобиль инспекциясында, университеттерде жана Кыргыз мамлекеттик прокуратурасында катталаарын белгилешкен.

Ошондой эле изилдөөдө, Кыргызстандыктардын жашаган жеринде эң көп жумушсуздук, таза суунун жетишпестиги, жол маселеси сыяктуу көйгөйлөрдөн жабыркаганын билдиришкен.

2020-жылдагы изилдөө

International Republican Institute (IRI) жана SIAR Research and Consulting институттары тарабынан 2020-жылдын август айында социологиялык изилдөө жасалган. Аталган изилдөө, Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун алдында калктын маанайына жана өкмөттүн COVID-19 менен күрөшүүдөгү ишине баа берүүгө багытталган. Сурамжылоо, телефон аркылуу жүргүзүлүп, жалпы жонунуан 18 жаштан жогору 1223 Кыргызстандык катышкан.

Изилдөөнүн жүрүшүндө, Кыргызстандыктарды эң көп түйшөлткөн маселелер изилденген. Аталган маселелерде 2015-жылга салыштырмалуу бир аз өзгөчөлүктөр байкалган.

Мисалы, 2015-жылы изилдөөгө катышкандардын 73%ы Кыргызстанда коррупция абдан тамыр жайган көйгөй экенин белгилесе, 2020-жылы бул сан 49%га төмөндөгөн. Ал эми жумушсуздук маселеси 2020-жылы беш жыл мурункуга караганда 3%га көбөйгөн.

Мындан сырткары, турак жай, кылмыштуулук, согуш жана тамак-аштын жетишсиздиги сыяктуу бир катар көйгөйлөр бар экени белгиленген. Мисалы, изилдөөгө катышкан, Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочулары негизги көйгөй катары коррупцияны аташса, Нарын облусунун тургундары ички чыр-чатактарды негизги көйгөй катары көрсөтүшкөн.

Ошондой эле, сурамжылоого катышкандардын 67%ы бийликтин коронавируска каршы жасап жаткан иш аракеттерине канааттанбай тургандыгын билдиришкен.

Белгилей кетсек, International Republican Institute (IRI) институту 1983-жылы АКШда ачылган. Аталган уюм, коммерциялык эмес мүнөздө иш алып барат жана дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө жыл сайын социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп турат.

Конституцияны өзгөртүү элдин талабы дегендер кимдер?

Конституцияны өзгөртүү элдин талабы экенин айткандардын башында, Садыр Жапаров турат. Ал бул тууралуу, 12-ноябрьда өзүнүн пресс конференциясында билдирген.











“Конституциялык реформа – жалгыз эле менин талабым эмес, элдин талабы. Анткени, өткөндө элдин толкундоолору партиялык системага каршы, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы болгон. Азыр конституциялык долбоор даярдалып жатат. Аны адистер даярдап жатат. Жакын арада ал парламентке чыгарылат. Парламентке конституциялык долбоор гана берилип, кандай Конституция кабыл алынар парламент менен коомчулук чечет. Көз карандысыз эксперттер өз сунуштарын берсе болот”, — деп билдирген.

Конституциялык реформа жасоону эл кандай негизде талап кылды? деген сурообузга жооп издеп, Садыр Жапаровдун үгүт штабына байланышып сураганыбызда: Биздин штаб азыркы учурда шайлоого байланыштуу гана иштер менен алектенип жаткандыктан, бул боюнча толук маалымат бере албайбыз”,— деп билдиришти.

Белгилей кетсек, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир катар талаш пикирлер жаралып, эксперттер Садыр Жапаровдун Конституциялык реформаны өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана өзгөртүүнү каалап жатканын айтышкан.

Кыргызстандагы учурдагы башкаруу формасынын жоболорунун автору, жана 2010-жылдагы Конституциялык жыйындын мүчөсү Гүлнара Исакова:

“Президенттин ыйгарым укуктарын өзгөртүү үчүн негизги мыйзамды өзгөртүү аракети жүрүп жатат. Эмне үчүн эл Конституцияны онунчу жолу өзгөртүшү керек? Эл аны бир адам үчүн — Садыр Жапаров үчүн өзгөртүшү керек! Ошол эле учурда, ал эч кандай башкаруу тажрыйбасына ээ эмес жана ал өлкөнү Конституцияны өзгөртүү менен өнүктүрүү жөнүндө тиешелүү кадамдарды сунуштаган жок.”- деп билдирген.

Конституцияны өзгөртүүнү эл каалап жатканын Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов да белгилеп кеткен:














“Биз дагы кечээки күндү унутуп калдык. 4-октябрь күнү эл эмне үчүн толкундоо кылды? Элге бүгүн жаңылануу, өзгөрүү жана жаңы система керек. Биз ошону талкуу кылып элден сурабай туруп 3-4 депутат чечип койбошубуз керек. Биз элдин пикирин угуп көрүшүбүз керек. Эгерде азыркы конституция өзүн актаганда, анда кечээки толкундоо болбойт эле”, —деп билдирген.

9-декабрь күнү, референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров да 4-октябрь күнү, элдин аянтка чыгуусуна 2010-жылда кабыл алынган Конституциянын иштебегендиги себеп болгонун айткан.















“Биз тарыхта биринчи жолу, элден башкаруунун кандай формасы керекиги тууралуу сурайбыз. Бул жерде 5-6 депутат отуруп алып эле конституцияны менчиктештирип алган жок. Кечээ элде эки ача пикир жаралды. Бир тарап конституцияны өзгөртөбүз десе, экинчи тарап бул нерсеге каршы болушту. Элдин атынан чыгып биз парламенттик же президенттик башкаруу менен жашашыбыз керек деп айтканга эч кимдин акысы жок. 2010-жылы биз кандай күндөрдү көргөнбүз? Мына, Ош жана Жалал-Абадда эл кан жутуп турганда, эгерде ушул референдумду кабыл албасаңар өлкөдө тынчтык болбойт, деп кабыл алдырбадыңар беле? Бүгүнкү күндө бардыгы мыйзам талаасында кетип жатат. Биз 2010-жылдан 2020-жылга чейин ушул мыйзам менен жашадык. Эмне өзгөрүү болду. Кечээ 4-октябрь күнү кандай окуялар болду? Эл эмне үчүн чыкты? Бардыгы мына ушул конституциянын айынан болду”,-деп билдирген.

“15-20 кишинин атын жамынып Конституцияны өзгөртпөгүлө”

Конституцияны өзгөртүү жана референдум өткөрүү маселеси коомчулукта бир катар талаш-тартыш менен коштолуп жатат. Аталган маселе боюнча, Политолог Сейтек Качкынбаев буларга токтолду:

“Негизинен, эл ушуну каалап жатат деп айтуу туура эмес. Анткени Кыргызстанда 6,5 миллион адам жашайт. Алардын баары менен сүйлөшүп оюн угуп, ошого жараша чечим чыгарганда гана “эл каалап жатат” деп айтса болот. Ал эми 18 же 20 кишинин оюн угуп алып жана эч кандай социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзбөй туруп сүйлөө жаңылыштык. Ал эми 5-октябрь күнү аянтка чогулгандар, төңкөрүш жасоону же Конституцияны өзгөртүү үчүн эмес, бир катар мыйзам бузуу менен коштолгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн чогулушкан”,- деп билдирди, Сейтек Качкынбаев.

Мындан сырткары эксперт, изилдөөлөрдө Кыргызстандагы эң көйгөйлүү маселе жумушсуздук экенин белгилеп, жаңы сунушталып жаткан Конституцияда дагы бул маселени чечүү үчүн, жакшы жолдор көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.

Жыйынтык: Конституцияны өзгөртүү Кыргызстандыктардын эң көйгөйлүү маселеси эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты