Бишкек ЖЭБинин түтүнү жылдан-жылга кыш мезгилинде кандай өзгөргөн? Спутниктен сүрөттөр

Facebook тармагынын колдонуучулары Бишкек Жылуулук электро борборунан чыгып жаткан түтүндүн дэңгээли мурда кандай болгондугуна кызыгышкан. ПолитКлиника медиасы 2015-жылдан берки ЖЭБдин спутниктен алынган сүрөтүн текшерип көрдү.














































Бишкек ЖЭБдин тарыхы

Бишкек шаарынын ЖЭБинин курулмасы 1958-жылы башталган. Саатына 160 тонна буу чыгарган үч энергетикалык казандарды жана буунун теплофикациялык ылгоо менен жалпы электр кубаттуулугу 60 миң кВт болгон эки турбоагрегатты орнотуу долбоордо биринчи кезекте каралган. 1961-жылдын 14-сентябрында ишке биринчи турбоагрегат киргизилген.

ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, 2017-жылдын августунда КР президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жаңы станция салтанаттуу түрдө ишке киргизилген. Модернизациялоо ишин ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков жүргүзгөн. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Ишти Кытайдын “TBEA” компаниясы жүргүзгөн.

Модернизация башталганга чейин ЖЭБдин орнотулган кубаттуулугу:

  • электрдик — 512миң кВт
  • турбоагрегаттар боюнча жылуулук — 994,2 Гкал/саат

Модернизация аяктагандан кийин ЖЭБдин орнотулган кубаттуулугу:

  • электрдик — 812 миң кВт
  • турбоагрегаттар боюнча жылуулук — 1294,2 Гкал/саат

Спутниктен тартылган сүрөттөр

ПолитКлиника медиасы 2015-жылдан бери ЖЭБдин спутниктен тартылып алынган сүрөттөрүн текшерип көрдү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты