Сотко мас абалында катышып, терезеден качкан прокурор кызматтан бошотулду

  • 3 года мурун

Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору Союзбек Сарыков прокуратура органдарынан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан кол коюлду.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Сарыков Ош шаардык сотундагы отурумга мас абалында катышып, андан соң судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда интернетке тараган.

Ал эми Ош облустук прокуратурасынын жетекчилигинин үстүнөн жогорудагы жагдай боюнча кызматтык иликтөө иштери улантылууда

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты