​Мээрим Жуманазарова дүйнө кубогунун чемпиону болду

  • 3 года мурун

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинде чемпион болду.

Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта ат салышты. Финалда ал чехиялык Адела Ханзликовичти 8:2 эсебинде утуп алды.

Жарым финалда Жуманазарова украиналык Алина Стадник менен таймашып, мелдеш 6:6 эсебинде аяктаган. Бирок Жуманазарованын акыркы көрсөткүчтөрүнө карап, утуш ага ыйгарылган.

Ал эми 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге үчүн россиялык Екатерина Букина менен күрөшөт.

Буга чеийн Дүйнө кубогу мелдешинде 62 килограммда Айсулуу Тыныбекова чемпион болду. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө кубогунун алтын медалын жеңип алган. Руслан Царев коло медалга ээ болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты