Равшан Жээнбеков: Сот менин талапкер катары укугумду чектеп жатат

  • 3 года мурун

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков сот анын талапкер катары укугун чектеп жатканын билдирди.

-Бүгүн, 16-декабрда, Кой-Таш окуясы боюнча сот болду. Сот процессинде мен эркин кыймылдоо укугумду Президенттикке талапкер катарында камсыздап, буга чейинки үй камакты жокко чыгаруу боюнча ходатайство бергем. Тилекке каршы сот менин ходатайствомду канаттандырган жок, менден үй камагын алган жок. Эгерде Кыргызстанды кыдыра турган болсом, эркин кыймылдоого справка гана берээрин жарыялады.

Муну менен судья, биринчиден, мыйзамды бузуп жатат. Экинчиден, менин талапкер катары укугумду чектеп жатат. Үчүнчүдөн, мурдагыдай эле сот саясий буюртма аткарууда деп ойлойм, — деп билдирди Жээнбеков.

Президенттикке 18 талапкер катталды, алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты