​УКМК: Өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өкмөт аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы «А.А.М.» аттуу жаран кармалганын маалымдады.

Өкмөттүн сайтында аталган бөлүмдүн башчысы Азамат Араев экени жазылган.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы жана Аскер прокуратурасынын мекеме аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу жана сатуу боюнча келишим түзүүдөгү жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү ишин жүргүзүп жатат. Өкмөттүн аппаратынын аталган бөлүм башчысы ушул иштин алкагында Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык 15-декабрда кармалып, камакка алынды.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен радиожыштыкты мыйзамсыз сатууга тиешеси бар деп шек саналган өкмөттүн мурдагы аппарат башчысы Самат Кылжыевди УКМК эки айга камаган.

2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы ачыкка чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголгон жана мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты