​Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо ишин активдештирүү макулдашылды

  • 3 года мурун

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен отуруму болуп өттү. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти активдештирхх макулдашылды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тараптар коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам иши солгундап калган өкмөттүк делегациялардын жумушун жандандыруу зарылдыгы боюнча толук өз ара түшүнүшүүнү билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кеңири пикир алмашуу жүрүп, анын ичинде мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясынын өтүшүн сүрөттөө боюнча топографиялык жумушчу топтордун мындан аркы иштери, ошондой эле чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү, тараптар топографиялык жумушчу топтордун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүн жандандыруу жана калган тилкелерде долбоордук линияны сүрөттөө боюнча ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду жана кийинки жолугушууну Өзбекстанда өткөрүү белгиленди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты