Назарбаев Акаевди жана Бакиевди Кыргызстандан кантип алып чыгып кеткенин айтты

  • 3 года мурун

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев ”Портретке штрихтер”даректүү тасмасынын алкагында “Хабар” агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди кантип алып чыгып кеткенин да айтып берди. Интервьюну Tengrinews.kz. маалымат агенттиги жарыялады.

-Кыргызстан тууралуу да айтайын. Мен Акаевди тик учак менен Таразга алып чыгып кеттим, анан ал учуп кетти.

Андан кийин деле ошондой эле окуя. Ал Ошто отуруп, тарапташтарын чогултуп, куралдандырып, Бишкекти көздөй жөнөөгө даяр турган. Мен !Курманбек, эмне кылып жатасың? Кан төгүлөт. Сен дагы президент болуп отургуң келеби? Ушундан кийин кантип иштейсиң? Убактылуу президент болгон (Роза Отунбаева) айым менен сүйлөшсөм, телефондон «Бир нерсе кылыңыз, Курманбекти тынчтандырыңыз» дейт.

Мен Курманбекке телефон чалып: “Сени ал жерден, Оштон, алып кетейин. Андан кийин, жакын жерде, ушул жерде болуп сүйлөшөсүң» дедим. Мен аны араң көндүрдүм” деди Нурсултан Назарбаев» Портретке штрихтер” даректүү тасмасынын алкагында» Хабар” телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, ал учурда Вашингтондо антиядролук маселелер боюнча жыйын өтүп жаткан.

«Биз ал жерде болчубуз. Россиянын Президенти Медведев, Обама да бар эле. Үчөөбүз туруп шыбырашып жаткан сүрөт бар. Ошондо сөз Кыргызстан жөнүндө болгон, жарандык согуш башталып кетпесин деп. Бакиев куралдуу топ менен Бишкекти көздөй жылгысы келип жаткан. Бир аракет жасаш керек эле.

Мен (Бакиевди) алып чыгып кетейин дедим, учакты орусиялык согушкерлер жаап берсин. Адилбек Жаксыбеков ал кезде коргоо министри болгон, «Учак бергиле» деп айттым. Ал аскердик чалгындоо аркылуу аракет жасай баштаган. Ош шаарында, аэропортто,тилкеге шагыл төгүлүптүр, конуу — учуу мүмкүн эмес.

Мен “Муну так билесиңби?” десем, ал «Так эмес, бирок алар айтышты. Ал жерде конууга мүмкүн эмес» деди. “Учакты жибер, ал ылдыйлай берсин. Эгерде ал шагыл үйүлүп жатканын көрсө, анда учуп кетсин, эгер жок болсо, анда консун»-дедим, — деп кошумчалады Казакстандын биринчи президенти

Курманбекке «Учак учуп бара жатат, тегерегиң менен даярдан» дедим. Алар учуп келишти , эч кандай шагыл жок экен. Жолдо бара жатып, үй-бүлөсүн алып келишти. Эгер ал иш жасалбаса, анда чоң кан төгүлмөк. Муну унутпа” деп ага айттым, -деди Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев “Портретке штрихтер” документалдуу тасмасында “Хабар” агенттигине берген маегинде.

Айта кетсек, Кыргызстандын туңгуч президенти Асккар Акаев 2005-жылдагы элдик толкундоолордон кийин Россияга, ал эми Курманбек Бакиев 2010-жылдагы элдик толкундоолордон кийин Беларуска чыгып кеткен жана отставкага кетишкен.

Сүрөт: Видеодон кадр. Tengrinews.kz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты