Бишкектин четиндеги жаңы конуш тургундары айланма жолду бууду (Видео)

Борбор калаанын түндүк тарабындагы АкЖар жана АкБата жаңы конуш тургундары 15-декабрда кечке жуук айланма жолду бууду. Алар муну менен бийликтин көңүлүн тынымсыз өчүп жаткан электр көйгөйүнө бурууга аракеттенишкенин айтышууда.

Социалдык тармактарга тараган тасмаларда алар 10-15 градус суукта балдары менен электр жарыгысыз, жашоого шарты жок калышкандыктан ушундай кадамга барышканын айтышкан. Алардын сөзүнө караганда, электр жарыгы дээрлик бир айдан бери улам өчүрүлүп жатат.

Жол тоскондор автомобил дөңгөлөктөрүн өрттөп, машинелерди өткөрбөй турушканы кабарланды. Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук акимчилигинин жетекчилери, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылып жатышканын милиция маалымдады. Милициянын отту өчүрүү аракети учурунда бир аз пикир келишпестиктер болгону кабарланды.

Аламүдүн районунун акими чогулгандарды тарап, жолду ачууга чакырды. Бирок жаңы конуштуктар анын сөзүнө макул болбой, көйгөйү чечилмейинче таркабай турганын айтышууда.

Бишкектин түндүгүндөгү Ак-Жар, Ак-Бата жаңы конуштары 2005-жылы жерди жапырт басып алуулардан кийин пайда болгон. Жаңы конуштар жайгашкан жер Чүйдүн Аламүдүн районуна карайт. Бүгүнкү күнгө чейин жаңы конуштагы айрым үйлөрдүн кызыл китеби жок.

Бишкектеги жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде 42 жаңы конушта мыйзамсыз делген 6 382 жер участогу аныкталып, 3,5 миңден ашуун үй мыйзамсыз, кооптуу жайларда курулган деп табылган. Бул үйлөрдү түрттүрүү, коопсуз жактарга көчүрүү же болбосо мыйзамдаштырып берүү маселеси чечиле электиги кабарланган.

Сүрөт: FRE/ RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты