“Эки жол сунушталганы менен түбүндө эмне жатканы белгисиз”

10-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун кабыл алышты. Эксперттер жана юристтер аталган мыйзам долбоорун кабыл алуудагы мыйзамсыздыктарга жана анын кесепеттерине токтолушту.

Мамлекеттин бүтүндүүлүгү референдум менен бузулушу мүмкүн

Жарандык активист Рита Карасартова азыркыдай биринчисин же экинчисин танда десе, каршы чыгуунун да мааниси жоголуп каларын айтты. Карасартова: “Конституциянын тексти жок. Алар эки жол сунуштаганы менен анын түбүндө эмне жатышканын айтышкан жок. Бийликтин тең салмактуулугу сакталабы? Мамлекетти ишенип тапшырган адамды тизгиндөө болобу? Белгисиз. Элде референдум оңой эле нерсе турбайбы деген ой жаралып жатат. Бирок, мамлекеттин бүтүндүгү дал ошол реферндум менен бузулушу мүмкүн”,- деди. Анын айтымында жөнөкөй жарандар “Пенсия көтөрүлөт экен, жашоо жакшырат экен” дегенге алданып, референдумду колдоп беришет. Ал эми тажрыйбалуу өлкөлөр референдумду өтө сейрек өткөрүшөрүн айтты.

Ошондой эле ал парламенттик же президенттик башкаруу эмне экенин элге түшүндүрүү керек экенин белгиледи. “Азыр, биз эч качан парламенттик өлкөдө жашаган эмеспиз, “Кеңешип кескен бармак оорубайт”,- деп кыргыздар байыртан маселелерди көпчүлүктүн талкуусуна коюшкан. Ошондуктан, парламентаризм бизге жакыныраак деп жатам”,-деди.

Рита Карасартова түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө абайлап жатканын, көпчүлүктүн алдында анын персонасы жүрүп бараткан дөнгөлөккө таяк сунган кишидей эле болуп жатканын айтты.

Адамзат тарыхында эч качан башкаруу формасын референдумга алынып чыккан эмес

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева 4-октябрдан бери болуп жаткан маселелер максаттуу түрдө адамдардын фундаменталдуу эркиндиктерин жана укуктарын бузуу болуп эсептеленерин айтты. Ал эми фундаменталдуу укуктар бузулуп жатса, жарандардын эркиндиктери, укуктары корголо албайт. Жогорку Кеңештин укугу чектелгенин Сания Токтогазиева дагы бир ирет белгиледи: “Алар Конституциялык реформа сыяктуу фундаменталдуу маселерлерди карай алышпайт. Азыркы Жогорку Кеңештин башкы миссиясы- Кыргызстандагы стабилдүүлүктү сактоо. Бирок алардын ар бир кылганы, коомчулукту бөлүп жатат. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын толук ыйгарым укуктары болгон күндө дагы, алардын Конституциялык реформаны көтөргөнү, кабыл алышканы, ага коюлуп жаткан маселелер- мыйзамсыз”,- деди.

Анын айтымында референдум өткөрүү боюнча чечим гана эмес, аны алып чыгууда да ката кеткен. 114-беренеге ылайык Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум дайындоо эң аз дегенде 80 депутат тарабынан көтөрүлүшү керек. Азыр мыйзамдын инициатору болуп бир гана депутат, Акылбек Жапаров көрсөтүлүп жатат. “Ал “Биз конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизбей элебиз”,- деди. Бул- манипуляция, бир тараптуу интерпретация. Себеби, башкаруу формасы боюнча референдум коюлуп жатканда 114-берене жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам системалуу түрдө түшүндүрүлүшү керек. Конституциянын жаңы долбоору сунушталбаса же Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилбеген учурда деле өткөрүлчү референдум баары бир Конституцияга таасирин тийзизет да. Ошондуктан 114-беренени так аткарыш керек болчу. Бул референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамды гана эмес, Конституцияны да бузуу болуп эсептелет”,-деди.

Ошондой эле, референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамдын 70-беренесинин экинчи пунктуна ылайык, референдумга коюлуучу маселе ар тараптуу түшүндүрүүлөргө жабык болуп, бир гана так жообу болуш керек. Токтогазиева мыйзамдын түзүлүшү туура эмес экенин белгиледи. “Парламенттик же президенттик деген эки вариант бар. Жада калса юриспруденция боюнча дасыккан илимдин докторлору парламенттик же президенттик башкаруу жөнүндө так жооп айта алышпайт. Себеби, бул боюнча ар кандай чечмелөөлөр бар. Жөнөкөй жаран президенттик башкаруу деген эмне экенин каяктан билет? Шайлоочу эмнеге добуш берери жөнүндө ачык түшүндүрмө жок. Маселенин формулировкасы ар кандай чечмеленип жатат. Парламенттик же президенттик башкаруунун кандай түрү колдонуларын билбейбиз. Аралаш форма деген да бар: жарым президенттик, премьер-президенттик, парламенттик-президенттик. Мунун бары кошулган эмес”,- деп айтты.

Сания Токтогазиева адамзат тарыхында эч качан башкаруу формасын референдумга алып чыгуу болбогонун айтты. Бул боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү биринчи өлкө болорун, бирок бул артыкчылык эмес экенин белгиледи. “Изилдөөчүлөрдүн айтымында мындай маанилүү маселелерди референдумга коркок, жоопкерчиликсиз,кесипкөй эмес, өзүнүн жоопкерчилигин элге артып салгысы келген бийлик гана алып чыгат. Эгерде келечекте күтүүлөр акталбай калса, алар жөн гана- “Эл өзү тандаган”,- деп коюшат. Экинчиден, референдум дайым эле элдин кызыкчылыктары менен дал келе бербейт. Көпчүлүк учурда референдум аркылуу айрым топтор өздөрүнүн кызыкчылыктарын легитимдештиришет”- деди.

Референдум толук кандуу жүргүзүлүшү үчүн обьективдүү маалыматтар берилиши керек экенин, ал эми КТРК, ЭлТР, 7-каналда бир тараптуу маалымат таратуу, информациялык атака болуп жатканын кошумчалады.

Дайыма ушундай бурулуштарда жашоо, эгемендүүлүктү жоготуп алуудан да коркунучтуу

Сания Токтогазиева Кыргызстан мыйзам бузуулардын барымтасында калганын айтты. “Бул мыйзамсыздыктын артынан кайра эле реваншизм, кайра эле мамлекеттик төңкөрүлүштөр боло берет. Бул олуттуу маселе. Биз өнүгүүнүн ордуна кайра эле отуз жыл бою кандай жашап келсек, ошону эле кайталай беребиз. Дайыма ушундай бурулуштарда жашоо эгемендүүлүктү жоготуп алуудан да коркунучтуу. Реваншизмдин артынан реваншизм, мамлекеттик төңкөрүлүш артынан төнкөрүлүш боло берген өлкөдө жашоо оор болот. Дүйнөлүк практикада мындай иштер геноцидке, куралдуу конфликттерге алып келген. Бул өтө коркунучтуу”,- деп жыйынтыктады.

Кыргызстандын жыртык бюджети муну көтөрө алабы?

10-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Был мыйзамга каршы чыккан жарандар, активисттер Ак Үйдүн кире беришине чогулушуп “Уят” деп кыйкырыптурушту. Алардын арасында юрист Динара Ошурахунова да болгон. Ал мыйзам чыгаруучулар өзүлөрү мыйзамды тебелеп жатканын,бул чакырылыштын жөндөмсүздүгүн көргөзгүлөрү келгенин айтат. “Биз аларды Ак Үйдүн кире беришинен тосуп алдык. Алар айланып өтүп, Ак Үйдүн түндүк киришинен кирип жатышты”,-деди.

Анын айтымында, депутаттар добушу үчүн юридикалык жактан жооп беришпейт. Бирок алардын моралдык, саясий жана тарыхый жоопкерчилиги бар. Юридикалык жоопкерчиликке процедуралардын бузулушуна мүмкүнчүлүк бергени үчүн Төрага тартыларын кошумчалады.

Динара Ошурахунова референдумду алып чыгуу идеясына, Конституциялык реформанын инициатору кимдер экенине токтолду. Анын айтымында азыркы учурда толук легитимдүү орган жок. Ошондой эле мамлекеттик бюджет тартыш экенин баса белгиледи: “Бюллетендерди басып чыгаруу, шайлоо комиссияларын окутуу, үгүт иштерине каражат керек. Бюджетте акча тартыш болуп, врачтарга акча таппай, делегация менен чет өлкөлөргө барып, акча сурап жатышат. Ал акчалар менен жок дегенде баалардын өсүүсүнүн алдын алса болмок. Бирок, алар акчаны референдум өткөрүүгө коротууну тандап жатышат. Референендумга башкаруу формасына тандоо коюшту. Бирок президенттин, премьер-министрдин, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кандай болорун билбейбиз. Демек, биз референдум өткөргөндөн кийин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн дагы бир референдум өткөзөбүз. Бул дагы- чыгым. Кыргызстандын жыртык бюджети муну көтөрө алабы?”,- деди.

Ошурахунованын пикиринде, бийликте отургандарга өлкөдөгү экономикалык кризисти чечүү, коррупция менен күрөшүү үчүн азыркы Конституция боюнча алардын ыйгарым укуктары жетиштүү. “Бул референдум катардагы шайлоочуга эмне берет? Жашоосун өзгөртөбү, жумушсуздук маселесин чечеби? Эч нерсе бербейт. Бирок дайыма: “Эл Конституцияны өзгөртүүнү каалайт”,- деп жатышат. Бул- манипуляция. Элден президенттен эмне күтүп жатканын сурагым келет. Эгерде референдум алардын жашоосун өзгөртөрүн ойлоп жатышса, канча жолу Конституция алмашып, канча жолу референдум өткөрүлгөнүн эстеп көргүлө”,- деп айтты.

Ал эл аралык Конституциялык укук боюнча белгилүү эксперт Гика Касон: “Эң жаман шартта дагы эч качан супер-президенттик башкарууну тандабагыла. Бул диктатурага, кийин дестабилизацияга алып келет”,- деп айтканын белгиледи.

Референдум өткөнү менен жашоосу жакшы жакка өзгөрбөгөнүн көргөн эл кайракөтөрүлөрүн, кайра эле сөз эркиндигине, адам укуктарына чектөөлөр башталарын айткан Ошурахунова: “Барган сайын бизди мамлекет алсызданып, бийликтин туруктуулугу жоголуп баратат. Кийин мамлекетибизди хаостон сактап кала алабызбы?”,- деди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты