​УКМК мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку сот судьясын кармады

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы коррупцияга каршы кызматы Жогорку сотттун судьясы О.К. Т.ны камакка алганын маалымдады.

Ачык булактарда судьянын аты-жөнү Осмоналиев Камил Турдубаевич экени көрүнөт.

Шектүү судья киреше булактары жок болсо дагы көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алгандыг белгиленген. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлк, батирлер, Ысык-Көлдөн коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар.

Судья мыйзамсыз мүлктөрүн башкаларга каттатып келгени айтылат. Биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында ишканалардын бирине декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык каражаттарын бергени, өзүнүн чечими менен Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага көп миллиондогон чыгым келтиргендиги, улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алып алганы да айтылат.

15-декабрда Бишкек шаардык биринчи май райондук соту судьяны тергөө камагына алгандыгы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты