​Президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 15-декабрдан башта,п президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Президентикке талапкерлерди каттоо 14-декабрда аяктады.

Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмесин каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, б.а. 2021-жылдын 9-январынын 08:00 саатынан тартып токтотулат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШК президенттикке талапкерлердин арасында мамдекеттик ЖМКда акысыз обо убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Президенттикке 18 талапкер аттанды. Алардын тизмеси бул шилтемеде.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты