​УКМК башчысынын экс-орун басары Чоткараев абакта болот

  • 3 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генералмайор Дүйшөнбек Чоткараевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө аяктаганча камакта калтырууну чечим кылды.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, Чоткараев сот чечимине ылайык, тергөө аяктаганча атайын кызматтын тергөө абагында кармалат.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Дүйшөн Чоткараев өлкөгө аткезчилик жол менен ташылып келген 22 килограммдан ашуун зер буюмдарды конфискацияланган жеринен ээсинен кайтарып берүүнү буйруган жетекчилердин бири катары шек саналган. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул ишке анын тиешеси бардыгы аныкталды. УКМК 12-декабрда Башкы прокуратурага Чоткараев Кылмыш кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-беренеси (экономикалык аткезчилик) боюнча шек саналганы тууралуу маалымдаган.

УКМКнын маалыматына караганда, Аскер прокуратурасы 2019-жылдын март айында ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганына байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгогон.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы ыкчам бөлүмдөрдүн бири республикага аткезчилик жол менен ташылып келген 22 килограммдан ашуун зер буюмдарынын ири партиясын кармагандыгы аныкталган. Кийин УКМКнын ошол учурдагы жетекчилиги бул факт боюнча текшерүүнү токтотууга мыйзамсыз буйрук берип, конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берген. Натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени кабарланган.

УКМКнын экс-төрагасы, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Абдил Сегизбаев 27-ноябрда УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевди күч органдары кармап кеткенин 27-ноябрда кабарлаган. Сегизбаев Чоткараев анын талапкерлиги үчүн кол топтоо иштерин координациялап келгенин билдирип, муну өзүнө карата саясий кысым катары баалаган.

Сүрөт: President.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты