Жапыкеев: Акылбек Жапаровдун жубайы салык жашыргандыгы үчүн бюджетке 200 млн. сом төлөдү

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарованын компаниялары салыкты жашырганы аныкталды. Ал бюджетке 200 млн. сом төгөп берди.

Бул тууралуу коррупцияга каршы туруу боюнча координациялык кенештин жыйынында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди.

Маалыматтарга караганда, «МИС» компаниясы оффшордук компанияга жана Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапаровага караштуу.

Буга чейин экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, аталган фирма университетке, жеке мектептерге, дүкөн, аптека ж..б. уюмдарга ижараг имарат берип келгендигин белгилеген.

Акылбек Жапаров бийлик алмашкандан кийин өкмөт башчы Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгон. Коомчулуктун сынынан соң кызматтан бошотулган.

Азыр Жгорку Кеңеште каралып, талашка түшүп жаткан референдумда дайындоотууралуу мыйзам долбоорун Акылбек Жапаров демилгелөөдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты