​Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешесин ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 5-ноябрында кабыл алынган «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган вариантына кол койду.

Мыйзамдын негизги максаты мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, декларациялануучу мүлктүн жана кирешелердин кол тийбестигине кепилдиктерди берүү, жашыруундуулугун сактоо болуп саналат.

Ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келет.

Киреше жана мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жалпы декларациялоого өткөнгө чейинки даярдык этабынын бир бөлүгү болуп саналат.

Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү — 2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабры болуп эсептелет. Декларант бул мезгил ичинде ушул мыйзамдын талаптарына ылайык, ыктыярдуу декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алат.

Ыктыярдуу декларациялоо үчүн мыйзамда төмөнкү милдеттенмелер белгиленген: 1) декларациянын бланкынын наркын төлөө; 2) нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү үчүн мамлекеттик алымдар; 3) эгерде ыктыярдуу декларациялоо объектилеринин наркынын суммасы декларациялык босогодон ашкан учурда 70 миллион сом өлчөмүндөгү мүлктүн жана кирешелердин наркынын декларациялануучу жыйынды суммасы:

— декларациялоо объектисинин наркынан 1% өлчөмүндөгү акча каражаттарын киргизүү же 7 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн декларанттын кирешесинин ар жылдык 5% декларациялоо объектинин наркынын 10% өлчөмүндө акча каражатын киргизүү.

Мындайча, декларант ыктыярдуу декларациялоо объектилеринин наркынын суммасы декларация чегинен ашып кеткенде, б. а. 70 млн сомдон жогору болсо гана чыгымдарды төлөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты