​Байтиктеги окуучулардын жапырт ууланышы иликтенет

  • 3 года мурун

Вице-премьер-министи Эльвира Сурабалдиева тийиштүү мамлекеттик органдарга Чүй облусунун Байтик айылынын мектебиндеги 23 окуучунун уулануу себебин иликтеп чыгууну тапшырды.

«Мектептеги балдардын тамак-аштан жапырт ууланышына жол берилбеши керек. Бул факт тыкыр иликтенип чыгуусу зарыл. Пандемия жана эпидемиологиялык абалдын кыйын учурунда өзгөчө көңүлдү денсоолукту коргоого, иммунитетти чыңдоого, анын ичинде балдардын тамактануусун жакшыртууга буруу керек» деди Сурабалдиева.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тамак-ашка ууланган балдардын ал-абалы менен таанышты.

Байтик айылындагы мектеп-лицейинле 23 бала тамак-ашка ууланып, ооруканага түшкөн.

Сүрөт: vb.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты